КР Билим берүү жана илим министрлиги: Бүт Республика боюнча бардык окуучулары каржы сабаттуулугу боюнча иш-чараларга катышты

26.04.2019

Ведомствонун маалыматы боюнча, республиканын мектептеринде Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында каржы сабаттуулугу боюнча ачык сабактар болуп өттү.

2016-2020-жж. Кыргыз Республикасынын калкынын каржы сабаттуулугун жогорулатуу Программасын жүзөгө ашыруу алкагында, КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Улуттук Банк жана республиканын башка коммерциялык банктары менен биргеликте жыл сайын “Үйрөн. Сакта. Иштеп тап” урааны астында Дүйнөлүк акча жумалыгын уюштурат.

Жумалыктын алкагында өлкөнүн бардык билим берүү мекемелеринин окуучулары катышышкан “Бай түшүм” сүрөт сынагы, “Чыгармачыл кутуча” сынагы, окуучулар жана студенттер арасында эссе сынагы, оюндар, ачык сабактар болуп өттү.

Сүрөт сынагында, 14 жаштагы окуучу Бегайым Нурбек кызы “Чыгымдоодогу эстүүлүк – ийгиликтүү жашоонун кепили” эмгеги менен жеңип алды.

КОСУнун 1-курсунун студенти Алимбек уулу Тагдырдын “Студент катары кантип акча табууга болот” эмгеги Мыкты эссе болду.

“Эң чыгармачыл кутуча” сынагында Балыкчы шаарындагы Л.Толстой атындагы № 1 мектеп-гимназиянын 10-а классынын окуучулары мыкты деп баалынышты.

Жеңүүчүлөр акчалай жана кызыктыруучу белектер, “Филин” күмүш медалы менен сыйланышты