КР Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдик кесип жөнүндө мыкты публикациялардын авторлорун сыйлады

03.05.2019

Мугалимдик кесип темасында ММКдагы республикалык сынакты КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Европа Биримдиги биргелешип 2018-жылдын күзүндө жарыялаган.

Министрликтин Коомдук кеңешинин, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун өкүлдөрүнүн, ошондой эле медиа-эксперттер курамына кирген комиссия телеканалдардан, радиостанциялардан, гезиттерден жана интернет басылмалардан келип түшкөн 40ка жакын жумуштарды карап, мыкты материалдарды аныкташты. Алардын авторлору Бишкекке сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине чакырылышты.

Конкурстун негизги максаты - кесипкөй журналисттик материалдар аркылуу коомчулуктун көңүлүн педагогика темасына, кыргызстандыктардын жаңы муунун кенен кругозордуу, дүйнө таанымдуу, жалпы адамдык баалуулуктарга, өзүн-өзү өркүндөтүүгө жана ийгиликтерге жетүүгө умтулууга калыптандыруудагы анын  жогорку ролуна буруу. Мындан сырткары, ММКга көңүл буруу аркылуу жаш мугалимдерди чыгармачыл изденүү жана өлкөгө кызмат кылууга багыттоо,  бүтүндөй кесипке жана анын мыкты өкүлдөрү аркылуу өз алдынча моралдык колдоо көрсөтүү маанилүү максаты болду.

КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева бул сынактын маанисин белгиледи.

Бүткүл дүйнөлүк эркин басма сөз күнү менен журналистерди куттуктап жатып  “Мугалим бардык билим берүү реформаларынын негизги катышуучусу жана кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Ошондуктан Республикалык мугалимдик кесип темасындагы ММК сынагы сыяктуу долбоорлор мугалимдин статусун көтөрүү үчүн чоң мааниге ээ болот. Ар дайым ушундай өздөрүн кесипке багыштагандар тууралуу айтуу, алардын эмгегин эл алдында таанытуу өзгөчө маанилүү, анткени алар мугалимдик кесипке баруучу жаштар үчүн мисал болушат”, - деди министр.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Шарлот Адриен сыйлоо аземин ачып жатып, КР Билим берүү жана илим министрлигин маалыматтык колдоосу жана сынактын темасын чагылдыруудагы жана кыргызстандыктардын билимдүүлүк деңгээлин көтөрүүдөгү активдүүлүгү үчүн ММК өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле иш-чарага КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов да катышты.

Билим берүү чөйрөсүндө жарандардын кошкон салымын чагылдыргандыгы үчүн конкурстун жеңүүчүлөрү дипломдор, акчалай сыйлыктар, ошондой эле жабдууларды алуу үчүн сертификаттарды алышты.

Биринчи орун үчүн сыйлык 30 000, экинчиге – 20 000, үчүнчүгө – 10 000 сомду түздү.

Мындан сырткары, жеңүүчүлөрдүн материалдарынын каармандары болгон мугалимдерге министрдин атынан ноутбуктар ыйгарылды.