КР Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргызстандын “Биздин Жеңиш – Наша Победа” издөө кыймылы “Жеңиштин эстеликтерин сактайбыз – Кыргызстан!” акциясын башташты

03.05.2019

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2019-жылдын 3-10-май күндөрү Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын “Биздин Жеңиш – Наша Победа” издөө кыймылы менен биргеликте “Жеңиштин эстеликтерин сактайбыз – Кыргызстан!” акциясын өткөрөт.

Акциянын максаты – эстеликтердин абалын текшерүүнү жүргүзүү жана талап кылынуучу оңдоп-түзөө жумуштарын баалоо үчүн аларды түрдүү көрүнүштө сүрөткө алуу.

Улуу Ата Мекендик согушка арналган Кыргызстандын эстеликтеринин фото сүрөттөрүнүн базасын, эстеликтердин интер активдүү картасын түзүү, эстеликтерди тартипке келтирүү пландалууда.

Улуу Ата Мекендик согуштун эстеликтеринин үч категориясы айырмаланат:

1. Боордоштор  оорукана көрүстөндөрү;

2. Согушта каза болгондорго жана дайынсыз жоголгондордун элесине орнотулган мемориалдык эстеликтер;

3. Кыргыз ССРинде түзүлгөн аскердик бөлүктөр жана баатырлар жөнүндө эстелик бюсттар, мемориалдык доскалар.

Ишембиликке катышууга окуучулар, студенттер, активдер, коомдук уюмдар жана Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде каза болгондор жөнүндө эстеликтерди сактоого өз салымын кошууну каалаган көңүл кош эмес бардык жарандар чакырылат.

Ишембиликке катышуу менен, эмне кылууга мүмкүн?

- Эстеликтин абалын аныктоо жана талап кылынуучу оңдоп түзөө жумуштарын баалоо.

- Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон өз шаарыңардын жашоочуларын жана  айылдаштардын эстеликтерде жазылып сакталган аты-жөндөрүн сүрөткө даана тартып алуу.

- Эстеликтин кайда жайгашкандыгын, эстеликтин тарыхын, эгер мүмкүн болсо орнотулган жылын жана анын авторлорун айтуу.

УАМ согуштун эстеликтеринин көрүнүштөрүн тазалоо жана тартипке келтирүү.

Бардык маселелер боюнча Кыргызстандын “Биздин Жеңиш – Наша Победа” издөө кыймылына кайрылыңыздар тел....: 0555-923-603, 05511880848

 email: pamiatnikpobeda-kg@mail.ru 
#сохранимпамятникипобеды #Кыргызстан #Бишкек #ВОВ
#сохранимпамятникипобедыкыргызстан
#памятникипобедыджалалабад
#памятникипобедыош
#памятникипобедыталас
#памятникипобедынарын
#памятникипобедыбаткен
#памятникипобедыиссыккуль
#памятникипобедынарын