КР Билим берүү жана илим министрлиги: “Манас жаштары” балдар-өспүрүмдөр уюму 15 миңден ашуун окуучуларды бириктирет

27.04.2019

Уюшулганына бул жылы 21 жыл толгон “Манас жаштары” жаштардын бириккен уюмунун туулган күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада бул тууралуу айтылды.

Уюм Токмок шаарынын 13 мектебиндеги 15000 тегерегиндеги окуучуларды камтыйт.

“Манас жаштары” БЖБУ бардык жумуштарын “Менин Мекеним Кыргызстан” ураанынын астында өткөрөт жана төмөнкү багыттарда иш алып барат: мекенчилдик, экологиялык, илимий, руханий-адеп ахлактык, эстетикалык, интеллектуалдык.

Мектептин ар бир тобу Жобого ылайык, бирден деңгээлден: “Шоола” (1-4-класстар), “Учкун” (5-7-класстар), “Жалын” (8-11-класстар) түзүлөт.

Шаардагы бир катар чоң жана майда жумуштар: окуучулук өзүн-өзү башкаруу иши, акция, жыйын, конференция, жүрүш ж.б. иш-чараларды өткөрүүдө ыктыярчылык кыймылы балдар уюмунун эсебинде саналат.

Салтанаттуу иш чарада салт боюнча, активист, окуу мыктылары, мектеп ыктыярчылары, спортчулар, милициянын жаш достору жана мектептин жол кыймылынын жаш инспекторлорунан түзүлгөн бардык топтор салтанаттуу жүрүштөн өтүштү. Мектептердин топторунун жумуштары жөнүндө көргөзмөлөр уюштурулду.

Майрамдык салтанатта “Мыкты топ”, “Мыкты командир”, “Мектеп лидери” номинациялары боюнча грамоталар тапшырылды. Салтанаттын аягында бардык мектеп топторуна таттуу белектер тапшырылды.