КР Билим берүү жана илим министрлиги: 2019-жылдын 8-майында “Алтын тамга” тестирлөөсү өткөрүлөт

18.04.2019

КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, ушул жылдын 8-майында республика боюнча бирдей убакытта “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына талапкерлер үчүн тестирлөө өткөрүлөт. Бул жөнүндө ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны өткөрүү төмөнкү предметтер боюнча болот:

  • Эне тили жана адабияты (тестирлөө) –(кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, өзбек тили жана адабияты);
  • Алгебра жана анализдин башталышы (тестирлөө);
  • Кыргызстан тарыхы (тестирлөө);
  • Химия (тестирлөө).

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, бардык типтердеги жана менчик формалардагы жалпы билим берүүчү мекемелерге 11-класстардагы талапкерлердин тизмесин 2019-жылдын 26-апрелине чейин Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүү тапшырылды.