Билим берүү жана илим министрлиги, ЕСтин билим берүү секторун бюджеттик каржылоо долбоорунун жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт

26.04.2019

КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, 22-апрелден 9-майга чейин «Европа Плюс Кыргызстан» жана «Кыргызстан Обондору» радиостанцияларынын түз эфиринде,  Европалык Союздун билим берүү секторун бюджеттик колдоо программасынын маалыматтык компонентинин алкагында жумуштардын жыйынтыктарына түшүндүрмө берет.

Ошондой эле программалар эфирге чыгарылат:

  • «Европа Плюс Кыргызстанда» 29-апрелде 15.00 - 16.00дө уктуруу чыгарылат;
  • «Кыргызстан Обондорунда» 30-апрелде 10.00 - 11.00дө уктуруу чыгарылат.

Европалык Союз Кыргызстанга мектептерде инновацияларды жүзөгө ашырууну караган, окуу пландарын модернизациялоо жана мугалимдерди даярдоо сапатын жакшыртуу үчүн реформаларга 29,375 млн. евро бөлүп берди. Европалык Союз Кыргызстандагы бардык балдар экономикалык статусунан же ден соолугунун абалынан көз каранды болбостон сапаттуу билим алуу мүмкүндүгүнө аракеттенет.

КРдин жана ЕСтин кызматташтыгы жөнүндө көбүрөөк билүү мүмкүндүгү министрликтин сайтында (http://edu.gov.kg/ru/about/proekty/evropejskij-soyuz/proekt-evropejskogo-soyuza-podderzhka-sektora-obrazovaniya-v-kyrgyzskoj-respublike/materialy/).