Пандемия шартында жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу боюнча нускама

20.08.2020

Билим берүү жана илим министрлиги эксперттик-консультативдик кеңеш менен биргеликте пандемия шартында жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу боюнча нускама иштеп чыкты. Ал райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилди.

Нускамада окуу процесси салттуу (1-класс) жана дистанттык (2-11-класс) түрдө өткөрүүдөгү райондук, шаардык билим берүү бѳлүмдѳрүнүн мектеп администрациясынын жана мугалимдердин милдеттери так көрсөтүлгөн.

1-сентябрында менчик формасына жана түрүнө карабастан, республиканын бардык билим берүү уюмдарында 1-класстар үчүн салтанаттуу линейка уюштурулбайт. Билим күнүндө салттуу түрдө ийкемдүү графикке ылайык, “Сүйүктүү Кыргызстаным” аттуу 1-сабак өткөрүлөт.

Мындан сырткары нускамада окуу процессин уюштуруу, окуучуну мектепке тосуп алуу шарттары, класс ичиндеги алгоритмдер, танапис учурундагы талаптар, окутуу салттуу жана дистанттык түрдө жүргүзүүдөгү ата-энелердин милдеттери так жазылган.

Нускаманы бул жерден жүктөп алсаңыз болот: Нускама.docx

Белгилей кетсек, COVID-19 пандемиясына байланыштуу жаңы окуу жылында 1-класстар гана салттуу режимде билим алышат. 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы