Манасчы Дөөлөтбек Сыдыков менен жолугушуу болуп өттү

18.11.2020

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги манасчы Дөөлөтбек Сыдыков менен жолугушуу уюштурду. Жолугушууга министрликтин кызматкерлери катышты. Министрлик тарабынан Д. Сыдыковго куттуктоолор айтылып, чакан белектер тапшырылды.

Жолугушуунун башында Д. Сыдыков Манастан кыска үзүндү айтты. Андан кийин манасчы катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Дөөлөтбек Сыдыков Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Шор-Булак айылында төрөлгөн.

Он эки бир туугандын тогузунчусу. Манасты 13 жашынан баштап айтат. Салттуу манасчылардай эле түш аркылуу Манас айтып калган.

Д. Сыдыков облустук, республикалык, эл аралык көптөгөн сынактарда байгелүү орундарды багындырып келет.

Кыргыз улуттук консерваториясынын салттуу музыка бөлүмүндө билим алган. Өзүнүн айтуусундагы Манас үчилтигинин “Сейтек” бөлүгүн толугу менен кагаз бетине түшүрүп, 2010-жылы китеп кылып жарыялаган.

2020-жылы 12-ноябрда Дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине 14 саат 27 мүнөт Манас айтып рекорд койду.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

 

КР БИМдин басма сөз кызматы