Мыкты мугалим. Атантаев Жетимиш Уйчуевич

29.12.2020

Атантаев Жетимиш Уйчуевич – Ысык-Көл облусунун, Тоң районундагы Мамбетов атындагы орто мектебинин директору. Мугалимдик стажы 30 жыл.

Ж. Атантаев 1966-жылы 20-ноябрда Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Оттук айылында төрөлгөн.

1983-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырган. 1985-1987-жылдары Казакстанда Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Ж. Атантаев эмгек жолун 1990-жылы Тоң районундагы М. Горький атындагы орто мектебинде тарых мугалими болуп иштөө менен баштаган. 1992-жылы   Кара-Шаар орто мектебиниде тарых мугалими жана окуу бөлүм башчысы болуп иштеген. 1995-2005-жылга чейин ошол эле мектепте директор болуп иштеген. Оттук айылындагы М. Мамбетов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 2012-жылдан бери директор болуп эмгектенет.

1998-жылы Райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

2000-жылы Облустук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасын алган.

2003-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

5 баланын атасы.

 

КР ББИМдин басма сөз кызматы