Мыкты мугалим. Абдырахманова Атыркуль

19.11.2020

Абдырахманова Атыркуль Шаршеналиевна – Чүй облусунун Кемин районундагы №3 Н. Давлесов атындагы орто мекетибинин орус тили жана адабияты мугалими. Мугалимдик стажы – 30 жыл.

А. Абдырахманова 1970-жылы 27-январда туулган. 1985-жылы Нарындагы педагогикалык окуу жайына башталгыч класстардын орус тили мугалими адистигине тапшырып, 1989-жылы аны артыкчылык менен аяктаган.

1990-жылы Кемин районундагы Чым-Коргон мектебинде мугалим болуп иштеп эмгек жолун баштаган. Ошол эле жылы Кеминдеги №3 орто мектебине башталгыч класстын мугалими болуп которулган. Кийин Жети-Өзүз районунун Оргочор айылында, Кемин районунун Жаңы-Алыш орто мектебинде эмгектенди.

Учурда Кемин районунун Н. Давлесов атындагы №3 орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет. 5-класстар үчүн орус адабияты сабагынан “Санарип мугалим” долбоору боюнча сабактарды даярдап, райондук билим берүү бөлүмүнөн “Ыраазычылык кат” алган.

А. Абдырахманова КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси.

 

КР БИМдин басма сөз кызматы