Кыргызстандын окуучулары Химия боюнча эл аралык Менделеев олимпиадасында байгелүү орундарды ээлешти

27.04.2021

2021-жылдын 20-26-апрелинде мектеп окуучуларынын Химия боюнча эл аралык Менделеев олимпиадасы болуп өттү. 55-ирет өткөрүлгөн бул олимпиадага Кыргызстандын 4 окуучусу катышты.

Жыйынтыгында биздин окуучулар бир күмүш, бир коло медалга ээ болушту. Атап айтканда, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Мамбетов Камил күмүш медаль алса, Бишкек шаарындагы Е. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин 11-классынын окуучусу Ондрина Надежда коло медалга ээ болду.

Олимпиадага мектеп окуучуларын Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценттери Б. Боркоев, К. Салиева жана Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин химия мугалими М. Айтиевдер даярдап, команда мүчөлөрүнүн олимпиадага онлайн катышуусун камсыз кылышты.

Эске сала кетсек, Химия боюнча мектеп окуучуларынын Менделеев олимпиадасы ири эл аралык мелдеш болуп саналат. Ал 1967-жылы Химия боюнча бүткүл союздук олимпиада катары СССРде алгачкы ирет өткөрүлгөн. Олимпиада үчүн тапшырмаларды бүт дүйнө жүзүнөн алдыңкы окумуштуу-химиктерден турган эл аралык калыстар тобу түзөт.

2021-жылы олимпиада онлайн-форматта өткөрүлдү. Ага 25тен ашуун өлкөнүн командалары катышты. Алардын арасында Австрия, Венгрия, Латвия, Литва, Эстония, Словакия, Болгария, Сербия, Израиль, Беларусия, Македония, Сирия, Сауд Аравиясы, Армения, Грузия, Иран, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстандын мектеп окуучулары бар.

КР БИМдин басма сөз кызматы