Кыргызстан менен Казакстандын билим берүүдөгү байланышы дагы да бекемделет

28.11.2019

Каныбек Исаков Казакстан Республикасынын билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов менен жолугуп, бул тармактагы бир топ маселер боюнча өз ара пикир алышты.

Жолугушууда министрлер Казакстандагы ортомектептерде жүрүп жаткан реформалар, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн күчөтүү боюнча баарлашып, эки өлкөнүн жогорку окуу жайлары ортосундагы кызматташууну жакшыртууну талкуулашты.

Мындан сырткары биргелешкен семинар, конференцияларды өткөрүү, илимий байланыштарды өркүндөтүү сүйлөшүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ЖОЖдорунда 2000 казакстандык студент билим алса, кошуна өлкөнүн жогорку окуу жайларында 1000 кыргызстандык студент окуйт.

Билим берүү жана илим министрилигинин басма сөз кызматы