КРдин Билим берүү жана илим министрлиги «Күндөлүк» МСти ишке киргизүү үчүн сынактын жеңүүчүлөрүн аныктады

09.08.2019

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 4-июлундагы №810/1 буйругунун негизинде «Күндөлүк» автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүү, ишке киргизүү жана техникалык колдоо үчүн, пилоттук долбоордун жеңүүчүлөрүн аныктоого сынак болуп өттү. Сынак, сынакты өткөрүүнүн жобосуна ылайык уюштурулду.

Ведомстволор аралык комиссиянын чечимине ылайык, сынактын жеңүүчүлөрү төмөнкүлөр:

  • «TLN Company» ЖЧКсы;
  • «ИРТех» АКсы;
  • «Медас Холдинг» ЖЧКсы;
  • «Alphabet It Group» ЖЧКсы;
  • «АРХИ Компани» ЖЧКсы;
  • ИП Балтабаев С.А. ("EDUGATE" компаниясы);
  • «ИСБ» ЖЧКсы;
  • «Дисковери» ЖЧКсы. 

Сынактан өтпөй калгандар: 

  • «Софтоник» ЖЧКсы;
  • ФРОиК «АРТ Про».