«Кесип кербени» өлкө боюнча бүтүрүүчү класстагы 350 окуучуну камтыды

01.05.2019

2019-жылдын 24-апрелинде “Кесип кербени” жүрүшүн Талас облустук мектеп-гимназиясындагы тренинги менен ийгиликтүү аяктады.Бүтүрүүчү класстардагы 50 окуучу биринчи жолу өз психотиби жана жакшы өнүккөн жөндөмдөрүн коуч-психологдун кесипкөй жардамы менен үйрөнө алышты. Тренингдердин негизги максаты өспүрүмдөргө болочок кесибин тандоодо жардам берип, турмуштагы ийгиликкке шыктандырып, квалификациялуу психологиялык жардам менен өзүнө болгон ишенимин бекемдөө.                                                                               

«Майерс-Бриггс типологиясы: MBTI» тренинги өздүк жүрүм-турумду түшүнүүгө өбөлгө. Тренингдеги тапшырмаларды аткаруу маалыдна коуч-психолог менен катышуучулар инсандык типтердин белиглерин байкап, аныкташат. Жыйналган маалыматты иштеп чыгып, инсандын психологиялык бейнеси түзүлөт да, анын негизинде ар бир адамга баарынан жагымдуу боло турган тармактар жөнүндө тыянак чыгарууга болот. Ал эми кесип тандалып калган учурда, инсандын тубаса күчтүү жактарын эске алуу менен ал жаатта ийгиликтерди арттырууга сунуштар берилет. Өзүнүн инсандык тибин билүү жан-дүйнөнүн купулуна толчу кесип тандоого жана керексиз кыйынчылыктардын алдын алууга жардам берет.                                                                                     

Тренингдин коуч-психологу Сейил Калдыбаева белгилегендей, өспүрүм курактагы өзүн инсан катары кабыл алуудагы трансформация өтө маанилүү, өзгөчө өз алдынча өркүндөө жана психология боюнча маалымат тартыш болгон алыскы аймактардагы балдарга керек. Өзүнө жана өз күчүнө ишенген бүтүрүүчүлөр кесипке ээ болууда билим алуусун ийгиликтүүрөк улантат. Маселен, Таластагы өспүрүм кыздар келечекте инженердик кесипке окуп, космостук технологияларды өздөштүрүүгө дарамети толук жетерине көзү жетти, жана ага чектөө жалаң гана стереотиптер. Ал эми окуучуларды бири ички жан-дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрүн мындайча сүрөттөдү: “Мен ушул убакытка чейин өзүмдүн сапаттарымды эң жаман деп ойлоп жүрчүмүн. Тренингден кийин менин мүнөзүм жакшы экенине көзүм жетти. Өзүмө ишеним пайда болду”.                                      

Долбоордун координатору, билим берүүчү  www.aha.kg ресурсунун негиздөөчүсү Айгүл Догдурова: “таңууланган жана туура келбеген кесип ээлери эмес,  өзүнүн жеке сапаттарын ийгиликтүү өркүндөтүү аркылуу ийгиликке жеткен, шыктанган жана өзүнө ишенген жаштар гана Кыргызстанды өнүктүрө аларын түшүнүүбүз маанилүү” – деп белгиледи.

“Кесип кербени” аркылуу 9-апрелден 24-апрель ичинде республика боюнча мектеп-интернаттардан бүтүрүүчү класстагы 350 окуучу тренингден өттү. “Кесип кербени” жаштар үчүн билим алуунун маанисин терең жеткирүү менен толук маалыматка ээ болуп жана акыл калчап туруп гана карьералык жол тандоо тууралуу маалымат берүү максатын көздөйт. Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен www.aha.kg билим берүүчү ресурсу биргелешип, КРдагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылууда.

«Кесип кербени»  Европа Биримдигинин Билим берүү секторуна бюджеттик жардам программасынын маалыматтык компонентинин алкагында мектеп-интернаттар үчүн уюштурулган. Европа Биримдиги мектептерге инновацияларды киргизүү, куррикулумду (окуу программасы) жаңыртууга мугалимдерди даярадоо сапатын жакшыртуу, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү каралган реформалар үчүн Кыргызстанга 29,375 миллион евро берген.

Европа Биримдиги Кыргызстандагы бардык балдар экономикалык статусу же ден-соолук шарттарына карабастан сапаттуу билим алуусуна умтулат. ЕБ жана КР кызматташуусу жөнүндө толук маалымат КР Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында.