Жаңы окуу жылына телесабактар тартылып жатат

06.08.2020

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылы үчүн телесабактарды тартууну улантууда.

Видеосабактарды тартууда IV чейректе кетирилген айрым кемчиликтер эске алынып, сабактын сапатына көңүл бурулуп жатат. Ар бир предмет боюнча бирден усулчу дайындалып, сабак тартылганга чейин даярдалган сабактын иштелмелери текшерилип, тартылып жаткан учурда да бекитилген усулчу тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Телесабактарды өтүү үчүн конкурстук негизде 260 мугалим тандалып алынган. Алар - бир нече кароо-сынактарды жеңүүчүлөрү жана окуучулары республикалык олимпиадада жеңишке жетишкен чыгармачыл мугалимдер. Телесабакка тартылуучу мугалимдер атайын даярдыктан, тренингден өткөрүлгөн.

Тартылган видеолор атайын серверге, Билим берүү министрлигинин oku.edu.gov.kg/ порталына жайгаштырылып, 1-сентярдан тарта телеканалардан эфирге берилет.

Телесабактар бир жылга пландаштырылып, жалпы көлөмү 7276 саатты (видео сабакты) түзөт. Ал пандемия бүтүп, салттуу режимде окуу процесси уюштурулган учурда да кошумча билим берүү ресурсу катары пайдаланылат.

Съемка Бишкек жана Ош шаарларында жүрүп, КТРдин “Баластан” студиясында, ЭлТР, “Ынтымак” телеканалдарынын, Мегакомдун, Кувейт университетинин, Манас-Түрк университетинин, КМТУнун, АУЦА жанан Мегакомдун студияларында ЮНИСЕФ, ЮСАИД, Азия өнүктүрүү банкы, Массалык маалыматтарды колдоо борбору, Сорос фондунун жардамында тартылууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы