Республикалык математика боюнча олимпиаданын 1-этабынын жыйынтыктары чыкты

28.12.2020

2020-жылдын 26-декабрында Республикалык математика боюнча олимпиаданын 1-этабы онлайн режимде болуп өттү. Аны КРдин Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз-Швед математикалык мектеби (KSMS) уюштурду.

Жалпы катталган 14 500 окуучунун ичинен 9009 олимпиадага катышты.

Аталган олимпиаданын шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын менчик түрүнө карабастан, жалпы билим берүүчү уюмдарынын 6-11-класстарынын окуучулары онлайн каттоодон өтүштү.

6-8-класстардын окуучулары үчүн олимпиада бир этап менен өттү. 1-, 2-, 3-орунду алгандар электрондук дипломдор менен сыйланып, калган катышуучуларга электрондук сертификаттар жөнөтүлдү.

1-этаптын жыйынтыгы боюнча экинчи, финалдык этапка 9-11-класстардын арасынан 77 окуучу өттү.

Финалдык этап 2021-жылдын 5-январында саат 10:00дө KSMS мектебинде салттык форматта башталат (дареги: Бишкек ш., С. Каралаев көч., 2/2, Койбагаров көчөсү менен кесилишет).

 

КР ББИМдин басма сөз кызматы