Билим берүү жана илим министрлигинин акыркы 1 жыл ичиндеги аткарган ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат

16.09.2020

I. Билим берүүнү өнүктүрүүнүн 2020-2024-жылга чейинки Өнүгүү Стратегиясы иштелип чыгып, талкуудан өткөрүлүп, Өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү. Азыркы учурда ал бекитилүүнүн алдында турат.

 

II. БИЛИМ БЕРҮҮНҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ БАГЫТЫНДА ЖАСАЛГАН ЖУМУШТАР

  • Билим берүү системасын санариптештирип, маалыматтарды алуунун ыкчамдыгын камсыз кылуу максатында бардык деңгээлдерин камтыган бирдиктүү база – Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы (БББМС www.emis.edu.gov.kg) жасалды (ИСУО).

 

База үч бөлүктөн туруп, билим берүү чөйрөсүндөгү бардык керектүү маалыматтарды камтыйт, мисалы:

  1. Бардык деңгээлдеги билим алуучулардын бирдиктүү маалымат базасы;
  2. Бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин маалымат базасы;
  3. Менчигинин формасына карабастан бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын инфраструктурасы, материалдык-техникалык камсыздалуусу жөнүндө толук маалыматтар базасы.

Учурда ушул системага билим берүү уюмдары тарабынан жалпы 1 млн. 500 миңден ашуун адамдын маалыматы киргизилди, жана планга ылайык ушул жылдын декабрына чейин бирдиктүү база даяр болот. Учурда системага киргизилген маалыматтардын тууралыгын жана тактыгын камсыздоо үчүн, 390 билим берүү уюмунун жетекчилерине электрондук кол тамгалар берилүүдө. Ошондой эле негизги максат маалыматтарды алуу ыңгайлуу жана оңой болгондуктан, “Түндүк” ведомстволор аралык маалымат алмашуу системасы менен интеграцияланат.

 

  • БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АЙЛЫК МАЯНАСЫГ ЧЕГЕРҮҮ АВТОМАТТАШТЫРЫЛДЫ

Өткөн жылдагы демилгелердин дагы бирөөсү - билим берүү кызматкерлеринин айлык маянасын чегерүүнү автоматташтыруу жараяны болду. Бул процессти ишке ашыруудагы негизги максаттар айлык маянаны эсептөөдө ачыктыкты камсыздоо менен бирге, Социалдык фонд, салык төлөмдөрүн эсептөөдөгү катачылыкка жол бербөө жана борборлоштурулган бухгалтериялардын кызматкерлеринин жумушун жеңилдетүү менен бирге бюрократиялык тоскоолдуктардан арылуу.

Бул процессти ишке ашыруу үчүн ар бир райондук, шаардык билим берүү башкармалыктары жана бөлүмдөрүнүн эсепчилери атайын окутуудан өткөрүлүп, 131 копьютер алынып берилди, дагы 96 компьютер менен камсыз кылуу чечилди.

 

  • “ЭЛЕКТРОНДУК КЕЗЕК” ЖАНА “ЭЛЕКТРОНДУК ЖАЗЫЛУУ”

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жана мектепке кабыл алуунун ачык айкындуулугун камсыздаган “электрондук кезек” жана “электрондук жазылуу” системасы ийгиликтүү иштеп жатат. Бала бакчаларга электрондук кезек (http://balabakcha.edu.gov.kg) Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда бир жыл мурда ишке киргизилген. Иштеп баштаган мезгилде жарандардан 116 770 өтүнмө кабыл алынып, жыйынтыгында система аркылуу бала бакчаларга 49 598 бала кабыл алынган. Ийгиликтүү демилгени андан ары улантуу иши 2020-жылдан – Токмок, Кызыл-Кыя, Балыкчы, Жалал-Абад, Сүлүктү шаарларында жана Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районунда жайылтылды.

Бүгүнкү күнгө карата 117 миңден ашуун электрондук өтүнмө түшүп, 50 109 бала мектепке чейинки мекемелерге жайгаштырылды. Планга ылайык система мамлекеттик кызматтар электрондук порталы менен интеграцияланат, жана ага ылайык маалыматтар бирдиктүү базадан алынып, документтерди сканерлеп тиркөөнүн зарылчылыгы жоюлат.

Ошондой эле 2019-жылы “мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук жазылуу” автоматташтырылган информациялык системасы» Бишкек шаарында иштеп баштаган (mektep.edu.gov.kg)  жана сентябрь айына карата платформага 17737 өтүнмө келип түшкөн. Үстүбүздөгү 2020-жылдан тарта электрондук жазылуу Бишкек шаарынан сырткары Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Токмок жана Кара-Балта шаарларында ишке кирди.

Статистикага ылайык, Бишкек шаарында 18 013, Ош шаары боюнча – 8255,  Кара-Балта шаары боюнча – 846, Токмок шаарында – 1734, Жалал-Абад шаары боюнча – 2624, Кызыл-Кыя шаарында – 1442, жалпы – 32 914 өтүнмө келип түшкөн, жана 28 743 бала 1-класска кабыл алынды

 

  • ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ

ЖОЖдорго жана кесиптик орто окуу жайларына кабыл алуу быйылкы жылы толугу менен онлайн форматта жүргүзүлдү. Билим берүү жана илим министрлиги бул максатта атайын “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизди.

Маалыматтык системанын түзүү менен бардык категориядагы абитуриенттер үчүн бирдей шарт жаратылып, окуу жайына кирүү үчүн конкурска электрондук форматта катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Конкурстан өткөн абитуриенттердин документтери электрондук түрдө кабыл алынды жана Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификатынын талондорун эсептөө, ЖОЖго өтө турган абитуриенттердин рейтингдик тизмесин түзүү жана бөлүштүрүү толугу менен автоматташтырылды. Кабыл алуу мезгилиндеги калкты түйшөлткөн маселелердин бири болгон кабыл алуунун ачык-айкындуулугун, тазалыгын жана тактыгын камсыз кылуу жана сапатын жогорулатуу да аталган система менен ишке ашырылды; Онлайн кабыл алуунун дагы бир практикалык пайдасы - коронавирус пандемиясы учурунда жарандардын коопсуздугун сактоо, ЖОЖдордо абитуриенттердин массалык топтолуусуна жол бербөө болуп калды;

Жалпысынын гранттык орундарга 21 200 өтүнмө, келишимдик негизде окуу үчүн – 35260 өтүнмө келип түшкөн. Алдын ала жыйынтыктарга ылайык гранттык негизде – 4469 студент, келишимдик негизде – 36 364 студент, анын ичинен – күндүзгү окуу формасына 17 641, сырттан окуу бөлүмүнө – 5995 студент, кечки бөлүмгө – 142 студент, кесиптик орто жана жогорку дипломдордун негизинде 10860, магистратурага – 1726 студент кабыл алынды.

 

  • ПЕДАГОГДОРГО ДИСТАНТТЫК ОКУТУУНУ УЮШТУРУУ МЕТОДДОРУН ОКУТУУ ОНЛАЙН ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Окуу процессинде, билим берүүдөгү негизги фигура бул албетте мугалим. Заманбап мугалим учурдагы педагогикалык жана технологиялык талаптарга жооп берген кесипкөй адис болушу зарыл экендиги баарыбызга маалым. Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө түзүлгөн эпидемиялык кырдаалда окуучулардын, мугалимдердин коопсуздугун камсыздоо жана 2020-2021-окуу жылында балдарды мектепке даярдоо, мектепке чейинки жана мектепте билим берүү программасын аткарууга даярдык көрүү максатында, 5-августтан 25-августка чейин өлкөнүн билим берүү уюмдарында “Санарип мугалим” деген аталыштагы бир айлык жарыялады. Анын алкагында, республиканын педагогдоруна тематикалуу вебинарлар өткөрүлүп, усулду жардамдар берилди.

 

  • ОНЛАЙН ОЛИМПИАДАЛАР

Мектеп окуучуларынын билим сапатын текшерүү, алардын тестирлөөгө катышуу көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн атайын альтернативалуу онлайн олимпиадалар өткөрүлдү. Олимпиада 2019-жылдын 30-ноябрынан баштап математика, физика, биология, химия жана информатика предметтери боюнча онлайн форматта өткөрүлдү. Олипиадага катышуу үчүн окуучулар http://unite.kg жана http://www.olymp.krsu.edu.kg. сайттарында катталышты жана жыйынтыктары да ушул даректер боюнча жайгаштырылды;

 

  • САНАРИПТИК ТРАНСФООМАЦИЯЛОО ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА “КЕЛЕЧЕК МЕКТЕБИ – АКЫЛДУУ МЕКТЕП” МОДЕЛИ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

Кыргыз Республикасында Санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруунун алкагында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “келечек мектеби – акылдуу мектеп” модели иштелип чыкты. Моделди ишке ашыруу үчүн иш-чаралардын деталдуу планы иштелип чыкты жана долбоорго атайын критерийлердин негизинде борбор калаадан жана аймактардан жалпы 10 мектеп аныкталды. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн  техникалык шарттарды жаратуу жана лабораторияларды түзүү зарыл болгондуктан Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкына кайрылды. Ошондой эле «Альфа Телеком» жана окуучулар үчүн электрондук контентти иштеп чыгуу боюнча Жогорку технологиялар паркы менен атайын меморандум түзүлдү.

 

  • КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ЭЛ АРАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ОРТОСУНДАГЫ “КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ” ДОЛБООРУ ИШИН БАШТАДЫ

Билим берүүдөгү инновациялык идеяларды ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык “КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ” долбоору ишке кирди. Долбоордун алкагында 2025-жылга чейинки мөөнөттө аймактарда 40 миң бала үчүн 500 кыска мөөнөттүү мектепке чейинки балдар уюмдары түзүлүп, 1200 мектеп компьютердик класстар жана электрондук китепканалар менен жабдылат. Мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү жагы да камтылып, 38 миң мугалимдин базалык санариптик ык/көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча окутуулар өткөрүлөт. Буга кошумча 15 миң мугалим табигый-илимий предметтерди окутуунун жана башталгыч класстарда окууну коррекциялоо методологиясын үйрөнүшөт. Негизги максаттарынын бири катары окуучулардын табигый-илимий циклдагы предметтер боюнча компетенцияларын жана функционалдык сабаттуулугун баалоо боюнча онлайн тесттер иштелип чыгат;

  • МЕКТЕПТЕРДИН ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУУСУН ТАК АНЫКТООЧУ СИСТЕМА ТҮЗҮЛҮҮДӨ

Жалпы билим берүү мектептеринини окуу китептери менен камсыз жасоо үчүн колубуздагы бар базаны карап чыгуу абдан мааанилүү. Бул максатта атайын система түзүлүүдө. Системаны ишке салуу менен мектеп китепканаларынын жумушун автоматташтырып, окуу-методикалык комплекстердин толук базасын камтыган база түзүү пландалган. Республика боюнча 2138 мектептин китепканаларына 1 ден компьютер, принтер жана штрих кодду окуй турган сканер аппараты алынып берилет. Бүгүнкү күнгө карата 6 миллион китеп жөнүндө маалымат системага киргизилип, 2 миллион китеп ижарага берилип жатат. Ижарадан түшкөн каражатка кайрадан  китептерди басып чыгаруу үчүн жумшалат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы