2020-2021-окуу жылындагы Альтернативдүү олимпиаданын II этабы 13-февралда башталат
10.02.2021
2021- жылдын январь айында математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча Альтернативдүү олимпиаданын I этабы онлайн режиминде болуп өттү.
Жыйынтыгы боюнча толук маалыматтар менен төмөнкү сайттардан таанышса болот:
- Математика - unite.kg
- Биология - https://www.olympiadleague.com
- Физика- https://kstu.kg/olimpiada-po-fizike
- Информатика - olympiads.kg/contests
- Химия - t.me/icho2021 Телеграмм каналы
Альтернативдүү олимпиаданын II этабы төмөнкү графикке ылайык өтөт:
- физика – 2021-жылдын 13-14- февралында;
- информатика жана биология – 2021-жылдын 20-21-февралында;
- математика жана химия – 2021-жылдын 27-28-февралында.
КР ББИМдин басма сөз кызматы