“Техника дүйнөсүндөгү жаш Пифагорлор” математика боюнча республикалык олимпиаданын финалы 2020-жылдын 29-30-ноябрында өтөт

18.11.2020

Ураматтуу ата-энелер, 3-8-класстардын математика мугалимдери! КР Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы уюштурган “Техника дүйнөсүндөгү жаш Пифагорлор” математика боюнча республикалык олимпиаданын финалы 2020-жылдын 29-30-ноябрында өтөт.

2020-жылы аталган олимпиадага Кыргызстан боюнча жалпы 1876 окуучу катышты. Регионалдык турда 47-60 балл алган окуучулар финалга жолдомо алышты. Финалисттердин жалпы саны – 171. Ал эми жарым финалга 616 окуучу өткөн.

Олимпиаданын акыркы туру, өткөн турлар сыяктуу эле, компьютердик тест түрүндө өтөт. Тест эки тилде, кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Катышуучулар 60 мүнөттүн ичинде математиканын ар түрдүү бөлүмдөрүнөн 15 тапшырманы чыгарышы керек. Олимпиаданын ар бир финалистине жыйынтыктоочу тестке катышуу үчүн шилтеме жазылган жеке СМС-кат жөнөтүлөт.