Европа Биримдиги Кыргызстандын билим берүү секторун бюджеттик колдоо үчүн грант түрүндө 8 млн евро бөлдү

24.12.2019

Европа Биримдиги КР Өкмөтүнүн казыналык эсебине 8,05 млн евро өлчөмүндөгү грантты билим берүү секторун бюджеттин колдоо максатында которду.

Бул өкмөттүн Билим берүүнү 2020-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын жана 2018-20-жылдардагы иш-аракеттер планын реализациялоодогу өбөлгөлөөчү бюджеттик колдоо программасынын жалпы суммасы 36 млн евро болгон каражаттын алгачкы төлөмү. Программанын максаты – Билим берүүнү маалыматтык башкарууну системасын иштеп чыгуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучулардын жетишкендиктерин балоо системасын, көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү жана мамлекеттик каржыны башкарууну жакшыртууну колдоо.

Гранттык каражат окуу китептерин сатып алууга, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган иш чараларды колдоого жана мектептерде интернет орнотууну каржылоого багытталат.

Мындан сырткары, Евробиримдик бюджеттик колдоо программасынын алкагында Каржы, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлерине техникалык жардам ошондой эле билим берүү саясаты боюнча сунуштарды бере алат.

Белгилей кетсек, бул жардам Европа Биримдигинин эки тараптуу мамилелериндеги эң негизги үч багыттын бирине кирип, 2014-2020-жылдар аралыгында көп жылдык максаттуу жардам берүү программасын өзүнө камтыйт. 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы