Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалар барбы?

01.04.2021

Дүйнөлүк банк каржылаган «Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки билим берүү» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2016-2018-жылдары республика боюнча кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачылды.

Бул мектепке чейинки уюмдар бала бакчага жетүү мүмкүнчүлүгү болбогон региондордо балдарды мектепке чейинки өнүктүрүү программалары менен камтышы кажет болчу. Натыйжада 10 000 бала эрте өнүктүрүү программалары менен кошумча камтылды.

Долбоордун алкагында балдарды өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү. Балдар үчүн оюн аянтчалары курулуп, эмеректер, окуу-методикалык, көрсөтмө куралдар, өнүктүрүүчү материалдар жана жомок китептер берилди.

Мындан сырткары бардык санитардык нормаларга жооп берген санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү боюнча оңдоо-куруу иштери жүргүзүлдү.

Долбоор республиканын бүт областтарын камтыды. Натыйжада Ыcык-Көлдө 18, Нарында – 13, Таласта – 18, Чүйдө – 31, Жалал-Абадда – 17, Баткенде – 7, Ошто – 16 бала бакча ачылды.

Долбоордун алкагында өлкөнүн бардык региондорунда жалпысынан 500 мектепке чейинки уюм ачылат жана 3-5 жашар балдар үчүн бардык шарттар түзүлөт.