Эпидемиологиялык абал турукташса, бала бакчалар 1-июндан ачылышы ыктымал

19.05.2020

"Жалпы билим берүү мекемелери азырынча иштебейт, анткени ооруну жуктуруп алуу тобокелчилиги жогору. Ал эми бала бакчалардын ачылышы 1-июнга жылдырылды, эгерде эпидемиологиялык кырдаал турукташса, анда аларга иштегенге уруксат беребиз", - деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Билим берүү жана илим министрлиги учурда мектепке чейинки билим берүү мекемелерине менчигинин түрүнө карабай мониторинг жүргүзүүдө.

Мониторинг өткөрүлгөндөн кийин өлкөдө абал турукташса, бала бакчаларда бардык санитардык-гигиеналык шарттар (дезинфекция, санитайзерлерди орнотуу жана башка талаптар) аткарылса, тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу аркылуу бала бакчаларды этабы менен ачуу жагы караштырылат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу бала бакчаларды карантинге жабуу чечими 18-мартта кабыл алынган. Бакчалардагы мектепке даярдоочу тайпалардын тарбиялануучулары үчүн видеосабактар "Баластан" телеканалынан эфирге берилип жатат.