Ардагерлердин эрдигин даңктайбыз онлайн-фестивалына келген видеоматериалдын саны 18 миңден ашты

16.05.2020

Мектеп окуучулары, бала бакча тарбиялануучулары жана студенттер арасында Жеңиштин 75 жылдыгына арналып өткөрүлгөн онлайн-фестивалына түшкөн видеоматериалдардын саны 18 миңден ашты.  Ал эми катышкандардын саны 37 миңди түздү.

Мындай көлөмдөгү материаларды карап чыгууга көп убакыт керек. Ошондуктан саамалыктын жыйынтыгын чыгаруу мөөнөтү узарган. Учурда калыстар тобу келип түшкөн материалдарды карап жатышат. Жыйынтык чыгаары менен жеңүүчүлөр тууралуу маалымат берилет.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы