Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжине – 90 жыл

16.09.2020

Бүгүн, 2020-жылдын 15-сентябрында Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжине – 90 жыл болду.

БАКМК 1930-жылдын 15-сентябрында түзүлгөн, 1932-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин колледж Лев Толстой көчөсү-62 дареги боюнча имаратта жайгашып, бүгүнкү күндө Кыргызстандын архитектуралык тарыхый эстелиги болуп саналат.

Азыркы учурда БАКМК Кыргызстандагы эң алгачкы орто кесиптик окуу жайларынын бири болуп саналат жана эл чарбасында боюнча адистерди даярдоодо бай тажрыйбага ээ.

1979-жылы студенттик курулуш отряддарын өнүктүрүү боюнча чоң иши үчүн Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Техникум 1982, 1983, 1984, 1985, 1986-жылдары Советтер Союзунун техникумдарынын арасындагы Бүткүл союздук сынактын жыйынтыгы боюнча 3-орунду ээлеген.

Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү өсүүдө. Жыл сайын 200гө жакын студент окуу жайды бүтүрөт.

Окутуучулар жамааты жогорку даярдыкка ээ жана жаш адистердин окутуусунун сапатын жакшыртып турушат. Жыл сайын колледжде илимий-практикалык конференциялар жана мыкты педагогикалык тажрыйба кароо-сынактары өткөрүлөт.

Учурда колледжде 800 студент окуйт, 63 окутуучу иш алып барат. 2020-2021-окуу жылында Бишкек архитектура жана курулуштагы менеджмент колледжине 325 абитуриент тапшырган.

Артыкчылыктуу адистиктер – “Имараттар менен курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо”, “Ички санитардык жана желдетүү системаларын монтаждоо жана эксплуатациялоо”, “Жыгач иштетүү технологиясы”.