А. Бейшеналиев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга балдар адабияты салынган баштыкчаны белек кылды

23.04.2021

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган «Балдарга окуп беребиз» акциясын баштады.

«Балдарга окуп беребиз» акциясынын максаты балдар арасында көркөм адабиятты даңазалоо жана анын жигердүү окулушун колдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана бышыктоо болуп саналат. 

Бул акциянын алкагында 2021-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаарынын Көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатка барып, анын жамааты менен баарлашты. Андан соң ал мектеп-интернатта тарбияланып жаткан балдарга «Таттуу алма» жомогун окуп берип, колдон колго өтүп саякаттай турган балдар адабияты салынган баштыкча жана ноутбук белек кылды.  

Бул мектеп-интернат тууралуу айта кетсек, бүгүнкү күндө бул жайда республиканын бардык аймактарынан 222 окуучу билим алууда. Алардын ичинен 123 окуучу – Брайл системасы боюнча окуп жаткан көзү начар көргөндөр, 99 окуучу – көзү азиздер.

Ушул тапта мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн 93 пайызы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда билим алуусун улантууда, алардын көпчүлүгү артыкчылыктуу дипломдорго ээ.

Акциянын алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева Чүй областынын Панфилов районунда жайгашкан жетим балдар жана кароосуз калган балдар мектеп-интернатына барып, окуу жайдын ал-абалы менен таанышып, балдарга китеп окуп берип, балдар адабияты салынган баштыкчаны берип кайтты.

Бул күнү мектепке чейинки мекемелерде тарбияланып жаткан бөбөктөр да унутта калган жок. Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке чейинки даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова Бишкектеги №11 бала бакчага барып, жаш жеткинчектерге кызыктуу жомокторду окуп берип, саякат баштыкчасын тапшырды.

Белгилей кетсек, бул акциянын алкагында USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен балдарга балдар адабияты салынган баштыкчалар жана 400гө жакын аталыштагы балдар адабияты тапшырылат.

 КР БИМдин басма сөз кызматы