Алмазбек Бейшеналиев: "Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлдү"

17.04.2021

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Орусия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов менен жолугушту.

Алмазбек Бейшеналиев иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгында эки өлкөнүн кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн айтты.

Жолугушууда Кыргызстанда курулуусу макулдашылган 10 билим берүү комплексинин үчөөсүнүн каржы маселеси чечилди. Биринчи комплекс Ош облусунда, экинчиси Чүй облусунда, ал эми үчүнчүсү Ысык-Көл облусунда курулат. Калган билим берүү комплекстери этап-этабы менен курулмакчы.

А. Бейшеналиев менен С. Кравцовдун буга чейинки жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлган Протоколдун алкагында азыр төмөндөгүдөй иштер жүргүзүлүүдө:

  • билим берүү уюмдарын куруу долбоорлорун аныктоодогу техникалык документация менен байланышкан бардык суроолорду талкуулоо;
  • Орусиянын табият таануу жана физика-математика багытындагы предметтер боюнча билим берүүдөгү санариптик ресурстарын пайдалануу, адаптациялоо жана андан ары кыргыз тилине которуу жөнүндө келишимдин долбоорун талкуулоо жана кол коюу;
  • кыргызстандык окуучуларга жайкы лагерди уюштуруу.

КР ББИМдин басма сөз кызматы