5-октябрь – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү

03.10.2020

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу төмөнкүнү маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-октябрындагы Токтомуна ылайык, 5-октябрь жыл сайын Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү катары белгиленген. 

Документте аталган дата өсүп келе жаткан муунду окутууда жана тарбиялоодо билим берүү кызматкерлеринин маанилүү ролун таанып, салттын уланмалуулугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин эл аралык укуктук ченемдерге ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилгендиги айтылат.

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы