Пилоттук мектептердеги 116 тонна ун шарты оор окуучулардын үй-бүлөлөрүнө берилет

12.05.2020

Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте мектептеги тамак-ашка мерчемделген байытылган унду аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берет.

Коронавируска байланыштуу өкмөттүн аярлуу топтогу үй-бүлөлөрдү колдоо приоритетине ылайык, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Билим берүү жана илим министрлиги аталган уюм тарабынан пилоттук мектептердеги тамактанууга ажыратылган унду аярлуу катмардагы үй-бүлөлөргө бөлүп берүүнү чечишти.

Май айында мектепте окуган балдары бар бардык үй-бүлөлөргө 116 тонна байытылган ун таратылат. 

Кыргызстандагы мектептердин 65%ында тиешелүү шарттар түзүлүп, БУУнун азык-түлүк программасы жана Россия өкмөтү тарабынан башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак уюштурулган.

Белгилей кетсек, жаңы окуу жылында Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун азык-түлүк программасы менен биргеликте дагы 80 мектепке ысык тамак уюштурат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы