Жер титирөө коркунучу күч аймактарда жаңы алты мектеп курулуп, төртөө оңдолот

09.10.2019

2016-жылы Бүткүл дүйнөлүк банк “Кыргыз Республикасынын сейсмикалык коркунучту баалоо” долбоорун жүргүзүп, анын алкагында Фергана, Ысык-Ата сыныктарында жайгашкан жана 7,3-7,5 балл болгон жер титирөөдө эң көп курман болууларды жана бузулууларды алып келе турган 12 район аныкталган.

Дүйнөлүк Банк тарабынан эл аралык илимий методдор колдонулуп, 12 райондогу 300 мектептин имараттары изилденип, 10 мектеп тандалып алынды.

Мында 6 критерийге басым коюлган:

  • мамлекеттик мектептер;
  • шаар жеринде жайгашкан мектептеги окуучулардын саны 500 дөн кем эмес, айыл жеринде мектептеги окуучулардын саны 100 дөн кем болбоосу;
  • мектеп 70%дан ашык толук болуусу;
  • 1970-жылдан кийин курулган имараттар;
  • имарат 70%дан кем эмес инженердик талаптарга жооп берүүсү зарыл;
  • мектептер сейсмикалык коркунучу бар 12 райондо жайгашуусу.

Долбоордун негизинде сейсмикалык туруктуу, энергоүнөмдүү, санитардык жана гигиеналык талаптарды эске алуу менен жаңы алты мектеп салынып, дагы төртөө реконструкциядан өтөт. Учурда техникалык-экономикалык жана долбоордун сметалык негиздемесин даярдоо үчүн консультациялык кызматтарга тендер жарыялоо жумуштары аткарылып жатат.

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда “Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдарга туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун каржылоо боюнча мыйзамы 2019-жылдын 29-январында ратификацияланган.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.