Индонезиянын жогорку окуу жайларында билим алууга документтерди кабыл алуу жарыяланат

Индонезиянын Илим изилдөө, технология жана жогорку билим берүү министрлиги  “ Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр арасындагы өнөктөштүк” стипендиялык программасынын” алкагында  2019-2020- окуу жылына карата Индонезиянын жогорку окуу жайларында билим алууга  документтерди кабыл алууну жарыялайт

Резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан Индонезиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин маалыматына ылайык “Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр арасындагы өнөктөштүк стипендиялык программасынын” алкагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жарандары үчүн Индонезиянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн  магистратурага  65 бюджеттик орун жана  бакалавриатка 5 бюджеттик  орун бөлүнгөнүн жарыялайт.

Программанын алкагында катышуучуларга магистратура жана бакалавриат программалары боюнча Индонезиянын 16 университетинде төмөнкү тармактар боюнча билим алуусу сунушталат: гуманитардык, техникалык, социалдык илимдер, мультидисциплинардык изилдөө, билим берүү жана илимий тармактар.

Стипендия эки тараптык эл аралык учуп конууну, жашоого жана медициналык камсыздандырууга жөлөк пулду камтыйт.  Конкурстук тандоодо артыкчылыктар мамлекеттик кызматкерлерге, жогорку окуу жайларынын  окутуучуларына жана Өкмөттүк эмес уюдардын кызматкерлерине берилет.

Стипендиялык программа боюнча толук маалымат төмөнкү шилтемеде жайгаштырылган: http://knb.ristekdikti.go.id/.