Кореяда акысыз билим алуу үчүн сынак

Билим берүү жана илим министрлиги Кореяда акысыз билим алуу үчүн сынак башталганын кабарлайт.

Докторантура программасы боюнча акысыз окууну каалагандар президенттик стипендия алат жана 2020-жылдын күз мезгилинде Сеул улуттук университетинде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Программа 6 семестр билим алууну, ай сайын 1 500 – 2 000 вон (болжолдуу 1250-1670 доллар) стипендияны, авиабилетти, корей тили курсун жана медициналык камсыздандырууну өзүнө камтыйт. Окуу жайдын жатакана акысын талапкер өзү көтөрөт (университеттин өкүлдөрүнүн маалыматында, бул ай сайын 300 – 400 вонду түзөт).

Талапкерлер керектүү документтерди төмөндөгү шилтеме менен 2020-жылдын 27-марты саат 17:00гө (Корея убактысы боюнча) чейин онлайн система аркылуу тапшыруу керек.  https://en.snu.ac.kr/admission/overview/notice?md=v&bbsidx=127190   

Анкетаны онлайн толтуруу жана башка процедуралар боюнча бардык маалыматтар жогурдагы шилтемеде англис жана корей тилдеринде келтирилген.