Индия Республикасынын жогорку окуу жайларында окуу боюнча конкурс жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт Маданият мамилелер боюнча Индиялык Кенеш тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына Индиянын жогорку окуу жайларында 2020-2021 окуу жылына магистратура, аспирантура жана докторантура программалар боюнча 6 стипендиялык орун бөлүнөт.

Индиянын жогорку окуу жайларынын тизмеси, окуу трамактары, тандоо критейрилери жана өтүнмөнү толтуруу боюнча инструкциясы Кенештин төмөнку сайтында http://a2ascholarships.iccr.gov.in жайгаштырылган. Өтүнүүчү он-лайн өтүнмөнү жана тиешелүү документтерди, күбөлүктөрдү жүктөөгө зарыл.

Буну менен бирге маалымдайбыз, тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү менен арыз Кыргыз Республикасындагы Индия Элчилигинин төмөнкү дарегине Бишкек ш. Махатма Ганди коч. 100-А 2020-жылдын 15 январына чейин тапшырылыш керек.

Суроолорго: 

Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги - 0312 97 92 56 

Жүктөп алуу: О 6 стипендиях на 2020-2021 уч год магистратура, аспирантура, докторантура.pdf