Мектепки чейинки мекеменин системасы
КРнын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары боюнча 2018-жылдын жыйынтыгы менен 1497 бала бакчада 197152 бала ( 100829 эркек бала, 96323 кыз) тарбияланууда. Бул балдардын жалпы санынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган 197152 баланы (26%) камтыйт, анын ичинен:
- 100829 эркек балдар;
- 96323 кыз балдар.
Бүгүнкү күндө Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тарбиялоо-билим берүү процесси (менчигинин түрүнө карабастан) КР “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык жүргүзүлүп, төмөнкү программалар аркылуу ишке ашырылат:
- Базалык (жалпы өнүктүрүүчү) мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо, окутуу жана өнүктүрүү программасы Л.В.Усенко, Г.С.Сейдекулова, 2014-ж.;
- Жалпы өнүктүрүүчү (базалык) 6-7 жаштагы балдарды мектепке даярдоо программасы Л.В.Усенко, Г.С.Сейдекулова, Т.В.Знакомская 2008;
- 3 төн 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү «Балалык» программасы
- “Наристе” балдарды мектепке чейинки даярдоо (480 саат) программасы ;
- “Алтын ачкыч” ОМК.