Долбоордун жаңылыктары

КР Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдик кесип жөнүндө мыкты публикациялардын авторлорун сыйлады

03.05.2019

Мугалимдик кесип темасында ММКдагы республикалык сынакты КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Европа Биримдиги биргелешип 2018-жылдын күзүндө жарыялаган.

Министрликтин Коомдук кеңешинин, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун өкүлдөрүнүн, ошондой эле медиа-эксперттер курамына кирген комиссия телеканалдардан, радиостанциялардан, гезиттерден жана интернет басылмалардан келип түшкөн 40ка жакын жумуштарды карап, мыкты материалдарды аныкташты. Алардын авторлору Бишкекке сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине чакырылышты.

Конкурстун негизги максаты - кесипкөй журналисттик материалдар аркылуу коомчулуктун көңүлүн педагогика темасына, кыргызстандыктардын жаңы муунун кенен кругозордуу, дүйнө таанымдуу, жалпы адамдык баалуулуктарга, өзүн-өзү өркүндөтүүгө жана ийгиликтерге жетүүгө умтулууга калыптандыруудагы анын  жогорку ролуна буруу. Мындан сырткары, ММКга көңүл буруу аркылуу жаш мугалимдерди чыгармачыл изденүү жана өлкөгө кызмат кылууга багыттоо,  бүтүндөй кесипке жана анын мыкты өкүлдөрү аркылуу өз алдынча моралдык колдоо көрсөтүү маанилүү максаты болду.

КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева бул сынактын маанисин белгиледи.

Бүткүл дүйнөлүк эркин басма сөз күнү менен журналистерди куттуктап жатып  “Мугалим бардык билим берүү реформаларынын негизги катышуучусу жана кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Ошондуктан Республикалык мугалимдик кесип темасындагы ММК сынагы сыяктуу долбоорлор мугалимдин статусун көтөрүү үчүн чоң мааниге ээ болот. Ар дайым ушундай өздөрүн кесипке багыштагандар тууралуу айтуу, алардын эмгегин эл алдында таанытуу өзгөчө маанилүү, анткени алар мугалимдик кесипке баруучу жаштар үчүн мисал болушат”, - деди министр.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Шарлот Адриен сыйлоо аземин ачып жатып, КР Билим берүү жана илим министрлигин маалыматтык колдоосу жана сынактын темасын чагылдыруудагы жана кыргызстандыктардын билимдүүлүк деңгээлин көтөрүүдөгү активдүүлүгү үчүн ММК өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле иш-чарага КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов да катышты.

Билим берүү чөйрөсүндө жарандардын кошкон салымын чагылдыргандыгы үчүн конкурстун жеңүүчүлөрү дипломдор, акчалай сыйлыктар, ошондой эле жабдууларды алуу үчүн сертификаттарды алышты.

Биринчи орун үчүн сыйлык 30 000, экинчиге – 20 000, үчүнчүгө – 10 000 сомду түздү.

Мындан сырткары, жеңүүчүлөрдүн материалдарынын каармандары болгон мугалимдерге министрдин атынан ноутбуктар ыйгарылды.     

 

«Кесип кербени» өлкө боюнча бүтүрүүчү класстагы 350 окуучуну камтыды

01.05.2019

2019-жылдын 24-апрелинде “Кесип кербени” жүрүшүн Талас облустук мектеп-гимназиясындагы тренинги менен ийгиликтүү аяктады.Бүтүрүүчү класстардагы 50 окуучу биринчи жолу өз психотиби жана жакшы өнүккөн жөндөмдөрүн коуч-психологдун кесипкөй жардамы менен үйрөнө алышты. Тренингдердин негизги максаты өспүрүмдөргө болочок кесибин тандоодо жардам берип, турмуштагы ийгиликкке шыктандырып, квалификациялуу психологиялык жардам менен өзүнө болгон ишенимин бекемдөө.                                                                               

«Майерс-Бриггс типологиясы: MBTI» тренинги өздүк жүрүм-турумду түшүнүүгө өбөлгө. Тренингдеги тапшырмаларды аткаруу маалыдна коуч-психолог менен катышуучулар инсандык типтердин белиглерин байкап, аныкташат. Жыйналган маалыматты иштеп чыгып, инсандын психологиялык бейнеси түзүлөт да, анын негизинде ар бир адамга баарынан жагымдуу боло турган тармактар жөнүндө тыянак чыгарууга болот. Ал эми кесип тандалып калган учурда, инсандын тубаса күчтүү жактарын эске алуу менен ал жаатта ийгиликтерди арттырууга сунуштар берилет. Өзүнүн инсандык тибин билүү жан-дүйнөнүн купулуна толчу кесип тандоого жана керексиз кыйынчылыктардын алдын алууга жардам берет.                                                                                     

Тренингдин коуч-психологу Сейил Калдыбаева белгилегендей, өспүрүм курактагы өзүн инсан катары кабыл алуудагы трансформация өтө маанилүү, өзгөчө өз алдынча өркүндөө жана психология боюнча маалымат тартыш болгон алыскы аймактардагы балдарга керек. Өзүнө жана өз күчүнө ишенген бүтүрүүчүлөр кесипке ээ болууда билим алуусун ийгиликтүүрөк улантат. Маселен, Таластагы өспүрүм кыздар келечекте инженердик кесипке окуп, космостук технологияларды өздөштүрүүгө дарамети толук жетерине көзү жетти, жана ага чектөө жалаң гана стереотиптер. Ал эми окуучуларды бири ички жан-дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрүн мындайча сүрөттөдү: “Мен ушул убакытка чейин өзүмдүн сапаттарымды эң жаман деп ойлоп жүрчүмүн. Тренингден кийин менин мүнөзүм жакшы экенине көзүм жетти. Өзүмө ишеним пайда болду”.                                      

Долбоордун координатору, билим берүүчү  www.aha.kg ресурсунун негиздөөчүсү Айгүл Догдурова: “таңууланган жана туура келбеген кесип ээлери эмес,  өзүнүн жеке сапаттарын ийгиликтүү өркүндөтүү аркылуу ийгиликке жеткен, шыктанган жана өзүнө ишенген жаштар гана Кыргызстанды өнүктүрө аларын түшүнүүбүз маанилүү” – деп белгиледи.

“Кесип кербени” аркылуу 9-апрелден 24-апрель ичинде республика боюнча мектеп-интернаттардан бүтүрүүчү класстагы 350 окуучу тренингден өттү. “Кесип кербени” жаштар үчүн билим алуунун маанисин терең жеткирүү менен толук маалыматка ээ болуп жана акыл калчап туруп гана карьералык жол тандоо тууралуу маалымат берүү максатын көздөйт. Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен www.aha.kg билим берүүчү ресурсу биргелешип, КРдагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылууда.

«Кесип кербени»  Европа Биримдигинин Билим берүү секторуна бюджеттик жардам программасынын маалыматтык компонентинин алкагында мектеп-интернаттар үчүн уюштурулган. Европа Биримдиги мектептерге инновацияларды киргизүү, куррикулумду (окуу программасы) жаңыртууга мугалимдерди даярадоо сапатын жакшыртуу, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү каралган реформалар үчүн Кыргызстанга 29,375 миллион евро берген.

Европа Биримдиги Кыргызстандагы бардык балдар экономикалык статусу же ден-соолук шарттарына карабастан сапаттуу билим алуусуна умтулат. ЕБ жана КР кызматташуусу жөнүндө толук маалымат КР Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында.

 

«Кесип кербени» республиканын мектеп-интернаттарына барат

09.04.2019

«Кесип кербени» 2019-жылдын 9-апрелинен 25-апрелине чейин республиканын бардык облустарындагы мектеп-интернаттарына барат.

Кыргызстандын облустарынын жана Бишкек шаарынын мектеп-интернаттарын аяктап жаткан окуучулары кесиптик багыт алуу боюнча атайын иштелип чыккан уникалдуу тренингдерден өтүү мүмкүнчүлүгүн алышат.

Долбоор КР Билим берүү министрлиги жана www.aha.kg билим берүү ресурсунун командасы менен биргеликте уюштурулуп, Европа Бирдигинин каржылоосу менен ишке ашырылууда.

Aha.kg долбоорунyн тренер-психологу Сейиль Калдыбаева катышуучулардын психотиптерин аныктоо жана кесиптерге ылайык келүүчү психотиптер боюнча тренингдерди өткөрөт.

Ошондой эле, Кыргызстандагы ЖОЖдордо билим алуу жана эмгек рыногунун керектөөлөрүн эсепке алуу менен карьераны өнүктүрүү боюнча талкуу болот. Балдар мотивациялык тасмаларды көрүшөт жана КР ББМнин өкүлдөрү менен жолугушат.

“Жогорку класстын окуучулары менен кесип тандоо боюнча сабактар биздин ишибиздин ажырагыс бөлүгү болуп калды. Ушуну менен бирге, биз бардык балдардын турмушунда бирдей баштапкы мүмкүнчүлүктөрдүн болушунун маанилүүлүгүн түшүнөбүз. Ошондуктан, мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары үчүн кесиптик багыт берүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Интернаттык мекемелердин табиялануучуларына кесип тандоодо жардам берүү боюнча иш-аракеттер алардын чоң жашоого чыгышына чейин эле башталышы керек”, - деп белгиледи КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева.

«Билим берүү программасынын алкагында Кыргызстан менен Европа Бирдигинин ортосундагы кызматташтыктын маанилүү түзүмү болуп билим берүүнүн сапатын жогорулатуу саналат. Биз билим берүү системасы эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык болуп, балдар керектелүүчү жана өзүн-өзү реализациялоо мүмкүнчүлүгү бар кесиптерге ээ болушун маанилүү деп эсептейбиз», - деп ЕБнин КРдагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси элчи Эдуард Ауэр айтат.

Мектеп интернаттары үчүн «Кесип кербени» билим берүү секторун бюджеттик колдоо боюнча КР Европа Бирдигинин маалымат компонентинин алкагында уюштурулган.

Европа Бирдиги Кыргызстанга мектептерде инновацияларды жайылтууну көздөгөн реформалар үчүн, куррикулумду модернизациялоо, мугалимдерди даярдоонун сапатын жакшыртуу, инклюзивдик билим берүү үчүн 29,375 миллионов евро берген.

Европа Бирдиги Кыргызстандагы бардык балдар, алардын экономикалык статусу жана ден соолугунун абалына көзкарандысыз, сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк алуулары үчүн аракет кылат. ЕБ жана КРдин кызматташтыгы жөнүндөгү арбын маалыматтарды КР билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан: edu.gov.kg алууга болот.

 

Нарында окуучулар мектепте онлайн конференцияларды өткөрүшөт, вебинарларга катышышып, экзамендерин интернет аркылуу тапшыра алышат. Жаңы инновациялык окуу методикаларын колдонуу окутуунун натыйжалулуугун жакшыртуу үчүн киргизилүүдө.

Сиздердин назарыңыздарга КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташуу боюнча видеоролик тартуулайбыз.

https://www.youtube.com/watch?v=9myNKXXR8lU&t=16s

 

Билим берүү жана илим министрлиги «Ийгиликке карай жол» аттуу балдардын сүрөт сынагын өткөрүүдө

04.03.2019

КР Билим берүү жана илим министрили, Республикалык «Балажан» окуу-методикалык эстетикалык тарбия берүү борбору Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосунда «Ийгиликке карай жол» аттуу балдардын республикалык сүрөт сынагын өткөрүүдө.

Республикалык сынактын максаты – балдарды чыгармачылыка үндөө, билимдин инсандын калыптанышында маанилүү ролу жөнүндө ойлонууга түрткү берүү.

«Адамдын жашоосунда билимдин ролу абдан зор. Билим жакшы кесипке ээ болууга, жашоодо ийгиликтүү болууга жардам берет. Сенин жашооңдо билим кандай ролду ойной турганын - сүрөткө тарт. Жана билим ийгиликке жетүүдө эмне үчүн абдан маанилүү? – деп белгилешет уюштуруучулар.

Сынакка 7ден 16 жашка чейинки балдар катыша алышат. Ар кандай техникада (гуашь, акварель, түстүү карандаштар, бор ж.б) аткарылган жумуштар кабыл алынат.

Жумуштар 2019-жылдын 20-мартына чейин “Балажан” борборунда кабыл алынат, дареги: 720021, Бишкек ш., Московская көч., 53.

Сынактык мыкты жумуштар көргөзмөлөргө коюлат. Көргөзмөнүн ачылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2019-жылдын апрель айында өтөт. Сынактын жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланат.

Сынактын жобосу менен КР Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан таанышсаңыздар болот: http://edu.gov.kg/ru/. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн 0 (0312) 38 32 60, 0 (312) 88 12 11 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.

 

 

КР Билим берүү жана илим министрлиги: Массалык маалымат каражаттарынын арасында өткөн “Мугалим кесиби” сынагы 31-мартка чейин узартылды

07.02.2019

КР Билим берүү жана илим министрлиги массалык маалымат каражаттарынын арасында өткөн “Мугалим кесиби” сынагы 2019-жылдын 31-мартына чейин узартылганын маалымдайт.

Билим берүү жана илим министрлиги Европа Бирлигинин колдоосу менен “Мугалим” кесибинин кадыр-баркын жогорулатууну, педагогикалык кадрларды даярдоону, ошондой эле республикадагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган материалдарды чагылдырган массалык маалымат каражаттарынын жана интернет басылмалардын, ошондой эле автордук жамааттардын арасында сынак өткөрүүдө.

Сынактын жыйынтыгы 2019-жылдын 15-апрелине чейин чыгарылып, “Басылмалардагы мыкты иш”, “Телевидениедеги мыкты иш”, “Радиодогу мыкты иш”, “Интернет-басылмаларындагы мыкты материал” номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.

Материалдар мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын педагогикалык кадрларынын ишин; окуу процессинде инновациялык ыкмаларды колдонуу, инклюзивдик мамилени жана заманбап IT-технологияларды колдонуу; ошондой эле жалпысынан билим берүүнүн сапатын жогорулатууга карата көрүлгөн чараларды чагылдырышы мүмкүн.

Сынакка бир автордон же авторлор жамаатынан Сынактын тематикасы боюнча үчтөн кем эмес массалык маалымат каражаттарында 2018-жылдын 17-октябрынан 2019-жылдын 31-мартына чейин жайгаштырылган материалдар берилүүгө тийиш.

Мыкты иштердин авторлору 10, 20 жана 30, миң сомго жабдууларды алуу үчүн сертификаттарга ээ болушат.

Сынакка катышуу үчүн өтүнмөнү konkurs.edu.kg@gmail.com электрондук дарекке жиберүү зарыл. Же иштерди катышуучунун өтүнмөсүн толтуруу жана басып чыгаруу менен Бишкек ш., К. Тыныстанов көч. 257, 303-кабинетке, КР Билим берүү жана илим министрлигине алып келүү керек.

Сынактын шарттары менен кененирээк КР Билим берүү жана илим министрлигинин www.edu.gov.kg сайтынан таанышса болот. 

Сынактын жобосу.docx

 

Билим берүү жана илим министрлиги: Баткен облусунда «Бири-бирине жакын – баңгиден алыс” аталышындагы программа старт алды

15.01.2019

Баткен облусунун  мектептеринде мугалимдер үчүн жаңы программа старт алды.   «Бири-бирине жакын – баңгиден алыс” алдын алуу программасы - психоактивдүү заттарды колдонууга каршы алдын алуу иш-чара болмокчу.  Анын алкагында облус боюнча 158 мектептен 800 гө жакын мугалим окутулмакчы.

Европалык биримдиктин финансылык колдоосу менен ишке ашырылуучу программанын негизги максаты –ата-энелер жана балдардын ортосундагы өспүрүм курактагы психоактивдүү заттарды колдонуу менен байланышкан кооптуу жүрүм-турумдун алдын алууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон ишенимдүү мамилелерди жөнгө салууга көмөктөшүүчү үй-бүлөлүк байланыштарды чыңдоо болуп саналат.

Кооптуу жүрүм-турум– бул бир гана психоактивдүү заттарды колдонуу эмес. Андан сырткары  өспүрүмдүн азарттык оюндарга берилүүсү, мыйзам бузуулар, интернетке берилүүсү жана башкалар.  Мындай жүрүм-турум жаштардын келечектеги жашоосуна терс таасирин тийгизиши ыктымал.  Иш-чаранын алкагында окуудан өткөн мугалимдер тарабынан ата-энелер жана башка кесиптештер үчүн  ачык сабактар өткөрүлөт. Өзүнүн балдарынын коопсуздугуна жана туура өсүшүнө кам көргөн ата-энелер алар менен сүйлөшүп жана оор кырдаалдарда эмоционалдык колдоо көрсөтө алышат, үйдө зомбулуксуз тартипти камсыздашат, балдар белгиленген эрежени кандайча сакташы керектигин жана үй-бүлөдө кандай моралдык жана нравалык баалуулуктар бар экендигин түшүндүрө билишет, ошондой эле бала өзүнүн бош убактысын ким менен жана кантип өткөрүп жаткандыгына көз салышат.

Тренингдер   ушул жылдын январь айынан май айына чейин созулмакчы.

Маалымат үчүн

Ата-энелер үчүн “Бири-бирине жакын – баңгиден алыс” сабактар программасы Европа Биримдигинин каражаттарынан каржыланган Борбор Азиядагы (CADAP 6) баңгиден көз карандылыкка бөгөт коюу боюнча программанын 6-фазасынын алкактарында иштелип чыккан. CADAР 6 программасы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун негизинде ишке ашырылат. Пилоттук негизде  2016 жылы  республика боюнча 57 мектепте  өткөрүлүп, эффективдүүлүгү далилденген.

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги журналисттердин арасында “Мугалим – Кесиби” сынагын жарыялайт

31.10.2018

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Европа Бирлигинин колдоосу менен “Мугалим” кесибинин кадыр-баркын жогорулатууну, педагогикалык кадрларды даярдоону, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган материалдарды чагылдырган массалык маалымат каражаттарынын жана интернет басылмалардын, ошондой эле фрилансерлер жана автордук жамааттардын арасында сынак жарыялайт. 

Материалдар мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын педагогикалык кадрларынын ишин; окуу процессинде инновациялык ыкмаларды колдонуу, инклюзивдик мамилени жана заманбап IT-технологияларды колдонуу; ошондой эле жалпысынан билим берүүнүн сапатын жогорулатууга карата көрүлгөн чараларды чагылдырышы мүмкүн.

Сынактык иштер 2019-жылдын 11-январында 17:00 чейин кабыл алынат.

Мыкты иштердин авторлору 30, 20 жана 10 миң сомго жабдууларды алуу үчүн сертификаттарга ээ болушат.

Өтүнмө Бишкек шаары, Тыныстанов көч. 257, 303-каб. дарегине тапшыруу зарыл. Же konkurs.edu.kg@gmail.com эл. дарегине жиберилиши керек.

Сынактын шарттары жөнүндө кененирээк маалыматты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин www.edu.gov.kg сайтынан алсаңыз болот.

Жүктөп алуу:

Автордук жана редакциялык жамааттар үчүн сынакка катышуу үчүн өтүнмө.docx

Жеке авторлор үчүн сынакка катышуу үчүн өтүнмө.docx

Мугалимдик кесип сынагын өткөрүү жөнүндө жобо.docx

Мугалимдик кесип сынагын өткөрүү жөнүндө буйрук.docx

 

КР Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева Нарын облусунун мектептеринде болду

17.10.2018

КР Президентинин «2018-жылды – аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Буйругун ишке ашыруу алкагында, аймактык билим берүү кластерлерин түзүп жаткан  Нарын облусунун мектептеринде КРдин Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева болду.

Ведомство жетекчисинин сөзү боюнча, республика боюнча аймактарды өнүктүрүү максатында 60 "өсүү чекиттери" түзүлгөн.

““Өсүү чекити” – бул жаңы билим берүү стандарттарын сыноодонөткөрүү, жаңы методдорду иштеп чыгуу жана педагоктордун кесипкөйлүгүн жогорулатуу маселелерин камтыган билим берүү кластери. Бул новатордук мектептер заманбап жабдуулар жана электрондук китепканалар менен камсыздалып, билим берүү процессине окутуунун новатордук элементтери жана Базисстик окуу планынын бир нече варианттары сыноодон өткөрүүгө сунушталган”, - деди Гульмира Кудайбердиева.  

Иш сапарынын жүрүшүндө, учурда бюджеттик каражаттардын эсебинен мектептик билим берүү системасын интернеттештирүү жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Дүйнөлүк желеге өлкөнүн мектептеринин 67%ы туташтырылып, калган мектептерди туташтырууну бүткөрүү окуу жылынын аягына чейин пландаштырылган.

Европалык Союздун Кыргыз Республикасындагы кызматташуу боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Шарлот Адриен: «Европалык Союздун колдоосу бюджеттик колдоо форматында жүргүзүлөт, бул деген, Евросоюз бөлгөн бардык каражаттар бюджеттик колдоо үчүн казыналыктын эсебине түз түшөт. Акыркы эки жылда 36 млн. евро өлчөмүндө гранттык жардам берүү каралган. Балдар – бул өлкөнүн келечеги, ошон үчүн билим берүү системасын каржылоо маанилүү» - деп белгиледи.

Ошондой эле иш сапарынын жүрүшүндө педагогикалык жамааттар менен жолугушуулар болуп, окуу жүктөмдөрүн оптималдаштыруу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Министрдин айтымы боюнча, жакында окуу шарттарын жакшыртуу алкагында мугалимдер үчүн Мугалим-тилчилердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу борбору ачылды, мугалимдердин кесипкөйлүгүн аралыктан жогорулатуу платформасы сыноодон өткөрүлүүдө.  «Бул кесипкөйлүгүн жогорулатуудан өтүп жаткан мугалимдерди камтууну кеңейтүүнү гана эмес, республикалык бюджеттин чыгашаларын да азайтат», -деди ал.

Эскерте кетсек, 17-октябрда ЕСтин  Бюджеттик колдоону камсыз кылуу долбоорунун алкагында КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Европалык Союздун өкүлдөрүнүн Нарын областына биргелешкен иш сапары болуп өттү.

 

 

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы менен мындан аркы кызматташууну талкуулады

23.11.2018

КР Билим берүү жана илим министрлигинде 23-ноябрда Министр Гүлмира Кудайбердиеванын Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Эдуард Ауэрди кызматка дайындалышы менен куттуктап, ЕБдин министрлик менен кызматташуусунун жогорку деңгээлин белгиледи.

“Билим берүү Борбор Азия менен кызматташуу боюнча Европа Биримдиигинин Стратегиясынын үч артыкчылыктуу багытынын бири болгону биз үчүн абдан маанилүү. Учурда Кыргызстандын жалпы бюджетине жана атап айтканда, билим берүү секторунун бюджетине колдоо көрсөтүлүп жатат, ошону менен билим берүү секторунда бир катар реформалар ишке ашырылып жатат”, - деди Гүлмира Кудайбердиева.

Билим берүү жана илим министрлиги азыркы учурда 2020-жылга чейинки билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн үчүнчү иш-чаралардын планына ылайык иштеп жатат. Бул документте билим берүү секторунун өнүгүүсүнүн негизги маселелери баскычтар боюнча аныкталган – мектепке чейинкиден бойго жеткендерге билим берүүгө чейин, ошондой эле башка багыттардын алкагында: туруктуу өнүгүү, инклюзивдик билим берүү, көп тилдүү билим берүү, электрондук окутуу жана билим берүү менен эмгек рыногунун байланышы.

“Бюджетти колдоо долбоорунун алкагында, ошондой эле, долбоордук жардамдын алкагында дагы Европа Биримдигинин колдоосунун уланышы биз үчүн абдан маанилүү”, - деп белгиледи Министр.

“Билим берүү секторундагы реформаларды жүргүзүүнүн мындан ары да  улантылышы зарыл, ал 2020-жылга чейинки билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясында чагылдырылышы керек. Европа Биримдиги зарыл иш-чараларды колдоого даяр”, - деп Элчи Ауэр баса белгиледи.

Билим берүү тармагы – Европа Биримдигинин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири. ЕБдин Кыргызстандын бюджетин колдоосу  2020-жылга чейинки билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууда кызматташтык программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Бюджетти колдоо компоненти саясий диалогду, каржылык которууларды, натыйжалуулукка баа берүүнү, потенциалды жогорулатууну камтыйт жана өнөктөштүк менен кызматташтыкта негизделген.

 

Билим берүү жана илим министрлигинде Европа Биримдигинин талдоо миссиясынын Көзөмөл боюнча комитетинин жолугушуусу өттү

25.06.2018

Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн Европа Биримдигинин талдоо миссиясынын Көзөмөл боюнча комитетинин жолугушуусунда 2016 жылдын 19 апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Европа Биримдигинин ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуусунун үчүнчү траншынын шарттарынын аткарылуусу талкууланды.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева катышкан талкууда КР Өкмөтүнүн, КР Каржы министрлигинин, КР Тышкы иштер министрлигинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Билим берүү министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин, Билим берүү министрлигинин Коомдук кеңешинин, ЕБ баалоо миссиясынын өкүлдөрү катышты.

 

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева: Азыркы мектеп чөйрөсү коопсуз, инклюзивдүү жана өнүктүрүүчү болуга тийиш

07.12.2017

Бул тууралуу ведомствонун башчысы №21-мектеп-интернатына Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы делегациясы менен барган учурда айтты.

№21-мектеп-интернат Евробиримдиктин карыжлоосу менен К.Аденауэр ат.Фонд жана  “БИОМ” экологиялык кыймылы тарабынан реализацияланып жаткан «Кыргыз Республикасында мектептик билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун каржылоо механизмдерин өнүктүрүү» долбоорунун алкагындагы Кыргызстанда коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү боюнча алгачкы пилоттук мектеп болуп калды.

Министр Гүлмира Кудайбердиевага жана Европа Биримдигинин Делегациясына экологиялык жашылдандыруу, балдарга психологиялык комфортту жогорулатуу  жаратуу жана өнүктүрүү үчүн арт-креативдүү алкакты түзүү, коопсуз жарыктандыруу, эмеректер менен өсүү-курак өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен жабдуу, абанын рекуперация системасын орнотуу жана видеобайкоо сыяктуу демилгелерди көрсөтүштү.

Азыркы учурада пилоттук мектепте коопсуз билим берүү чөйрөсү менен камсыздоо моделдери менен механизмдерин даярдап иштөө, аны жакшыртууга багытталган иш-чараларды реализациялоонун практикалык жолдорун, анын ичинде инфклюзивдүү чөйрөдө кийирүү жүрүп жатат.

Гүлмира Кудайбердиеванын сөзү боюнча, министрлик Өкмөттүн “Таза коом” программасынын милдеттерин ишке ашыруу алкагында Билим берүү мекемелеринин коопсуздугунун комплекстүү стандартын иштеп чыгууга киришти.

“Стандарт коопсуз чөйрөнүн төрт элементин сүрөттөйт: физикалык, экологиялык, психологиялык жана маалыматтык. Стандарт мектептин абалын ушул параметрлер боюнча баалоого, ошондой эле билим берүү чөйрөсү аныкталган нормаларга дал келсин үчүн аны жакшыртууга мүмкүндүк берет” – деди министр.

Маалымат:

Окуу чөйрөсүнүн коопсуздугу деп, мектепте болуп жаткан бардык нерселердин коопсуздугун түшүнөбүз. Коопсуздук мектепте болуп жаткан бардык кыймыл-аракеттерден калыптанып, көрүнүп турууга тийиш.

Коопсуз мектеп чөйрөсү өзнө бир нече аспектилерди камтыйт:

Физикалык коопсуздук (коопсуз имарат, анын ичинде чукул кырдаалдарда, окуу жабдуулары ж.б.);

Экологичлык коопсуздук (таза аба, суу, санитардык шарттар, зыянсыз тамак-аш, сапаттуу жарыктандыруу, температуранын туура катышы, вентиляциялар, энергоэффективдүүлүк, жашылдандыруу ж.б.);

Коопсуз психологиялык чөйрө  (дискриминациялык эмес, толеранттуу чөйрө, зордук-зомбулуксуз, чыр-чатаксыз жүрүм-турум).

Дал ушундай жол Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинде бардык профилдик мамлекеттик органдар, коомдук кеңештердин өкүлдөрү жана жарандык коомдунг башка эксперттери менен өнөктөштүктө иштелип чыгып жаткан Коопсуз билим берүү чөйрөсүнүн укомплекстүү стандартынын долбооруна жана аны колдонуу тартибине киргизилген.