Туркбаев Пазылбек Борубаевич
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары

Коомдук кабылдама
Кабыл алуу убактысы: 9:00–18:00
Байланыш телефон: 0312 646341
Электрондук дарек: turkbaev63@mail.ru
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин директору
Билим берүү
- 1980–1985—Фрунзе политехникалык институтун «Тоо инженери-гидрогеолог» квалификациясын ыйгаруу менен аяктаган.
Эмгек ишмердиги
- 10.07.85–25.12.89—Фрунзе политехникалык институтунун кенже илимий кызматкери;
- 25.12.89–25.12.92—Фрунзе политехникалык институтунун аспиранты;
- 01.01.93–10.05.95—Кыргыз тоо-металлургиялык институтунун илимий кызматкери;
- 10.05.95–26.03.96—Кыргыз тоо-металлургиялык институтунун Жалпы жана аймактык геология кафедрасынын окутуучусу;
- 26.03.96–30.04.97—Кыргыз тоо-металлургиялык институтунун Гидрогеология жана инженердик геология кафедрасынын ага окутуучусу;
- 30.04.97–28.04.2000 – И. Раззаков атындагы КМТУнун академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз тоо-металлургиялык институтунун Геологиялык чалгындоо факультетинин деканынын орун басары;
- 28.04.2000–27.03.2014—И. Раззаков атындагы КМТУнун академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз тоо-кен жана тоо технологиялары институтунун ага окутуучусу;
- 27.03.2014–05.05.2017—И. Раззаков атындагы КМТУнун академик У.Асаналиев атындагы Тоо-кен жана тоо технологиялары институтунун Геологиялык чалгындоо факультетинин деканы;
- 05.11.2017–И. Раззаков атындагы КМТУнун академик У.Асаналиев атындагы Тоо-кен жана тоо технологиялары институтунун Пайдалуу кендер геологиясы кафедрасынын доценти;
- 25.11.2016–10.01.2019—эксперт, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин эксперттик кеңешинин төрагасынын орун басары;
- 10.01.2019–24.01.2019—Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин сектор башчысы;
- 25.07.2019–06.12.2019—Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин директорунун орун басары;
- 06.12.2019–09.04.2020—Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин директорунун милдетин аткаруучу;
- 2020-жылдын 9-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин директору.