Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри

Коомдук кабылдама
Кабыл алуу убактысы: 9:00 - 18:00
Байланыш телефон: 0312 662442
Электрондук дарек: minedukg@gmail.com
1981 жылдын 2 июнунда туулган
Билим берүү
- 1998–2001 — Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетин (англис тили жана адабияты) бүтүрдү;
- 2001–2003 — Штутгартта (Германия) немис тили курстарын бүтүрдү;
- 2004–2007 — Людвигсбургдагы (Германия) PH-Ludwigsburg педагогикалык университетинде магистр даражасын алды (дидактика жана англис тили);
- 2009–2011 — И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде аспирантураны аяктап, педагогика илимдеринин кандидаты наамын алды;
- 2012–2017 — И. Арабаев атындагы КМУда докторантурада окуган.
Эмгек ишмердиги
- 2007–2010 — Жаш ишкерлер ассоциациясынын президенти, төрагасы;
- 2008–2010 — “Ала-Тоо” эл аралык университетинин эл аралык мамилелер факультетинин мугалими;
- 2012–2013 — Вистула университетинин (Варшава, Польша) Чет тилдер институтунун директору, проректор;
- 2013 — Түндүк Айова университетинде (АКШ) чакырылган профессор;
- 2013–2014 — Джонс Хопкинс университетинин (АКШ) докторантурасында иштеген;
- 2014–2017 — “Ала-тоо” эл аралык университетинин илимий иштер жана тышкы байланыштары боюнча проректору;
- 2016–2017 — Джонс Хопкинс университетинин чакырылган профессору;
- 2017–2018 — КРнын өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
- 2018 — Борбор Азия регионалдык институтунун директору;
- 2020-жылдын октябрында парламент тарабынан КРнын билим берүү жана илим министри кызматына бекитилди.