Джусупбекова Надира Сынташевна

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары

Коомдук кабылдама

Кабыл алуу убактысы: 9:00 - 18:00

Байланыш телефон: 0312 62 04 65

Электрондук дарек: ndjusupbekovaedukg@gmail.com

Туулган күнү: 1964-жылдын 31-марты  

Билим берүү

1981-1986 – Фрунзе педагогикалык орус тили жана адабияты институту, адистиги: улуттук мектепте орус тили жана адабияты мугалими. 

Эмгек ишмердиги

2018-ж. мартынан азыркыга чейин – КР билим берүү жана илим министринин орун басары; 

2017-ж. апрелинен 2018-ж. мартына чейин – КР БИМ алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун алдындагы Тил окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча инновациялык технологиялар борборунун жетекчиси;

2014-ж. апрелинен 2017-ж. мартына чейин – Социалдык интеграциялоо борборунун көп тилдүү билим берүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча программаларынын координатору;

2013-ж. августунан 2014-ж. мартына чейин – Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

2005 – 2013-жж. – № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин директорунун окуу жана тарбия берүү иштери боюнча орун басары;

2000 – 2005-жж. – № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин кыргыз тили мугалими;

1992 – 1996-жж. – «Тумар» фирмасынде референт-катчы;

1990 – 1991-жж. – Бишкек шаарынын №19 орто мектебинде кыргыз тили мугалими;

1987 – 1990-жж. – Таш-Көмүр шаарындагы №3 Тоголок Молдо атындагы орто мектептин орус тили жана адабияты мугалими;

1986 – 1987-жж. – Калинин районунун Степнинское орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими.