Шадыханов Калысбек Токтосунович

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы

Коомдук кабылдама

Кабыл алуу убактысы: 9:00 - 18:00

Байланыш телефон: 0312662934

Электрондук дарек: mon.kg@mail.ru

Туулган күнү: 1963-жылдын 19-июну 

Билим берүү

- Фрунзе политехникалык институту, инженер-куруучу

- Кыргыз улуттук университети, юриспруденция

 

Эмгек ишмердиги

1963-жылы 19-июнда Таш-Көмүр шаарында туулган.

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү

Билими жогорку

-1985-1988-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда инженер-куруучу адистиги боюнча билим алган;

- Кыргыз улуттук университети, юриспруденция факультети.

Ишмердүүлүгү:

2018-жылдын январынан 2021-жылдын июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы;

2011-2018 – Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;

2007-2011 – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Укуктук, мамлекеттик жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы;

2006-2007 – Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар иштери боюнча департаментинин директорунун орун басары;

2001-2006 – Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы, директордун орун басары;

1999-2001 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Үй-бүлө, аялдар жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары;

1998-1999 – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын, уюштуруу иштери жана регионалдык башкаруу бөлүмүнүн инспектору, сектор башчысы;

1995-1998 – Билим берүү, илим жана маданият министринин жардамчысы;

1993-1995 – Кыргыз Республикасынын Илим жана жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын жардамчысы;

1992-1993 – Фрунзе политехникалык институтунун студенттик профсоюз комитетинин төрагасы;

1988-1991 – Фрунзе политехникалык институтунун комсомол комитетинин катчысы;

1983-1985 – Таш-Көмүр УПКнын өндүрүштүк окутуу мастери;

Илимий даражасы

Техника илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын корреспондент-мүчөсү, Россия Федерациясынын Эл аралык инженердик академиясынын академиги.