Улуттук аккредитациялык кенеши
Билим берүү жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялоо кеңеши (мындан ары - Кеңеш) - аккредитациялык агенттиктердин ишин таануу жөнүндөгү маселени коллегиалдуу жана калыс кароо үчүн коомдук башталыштарда иштөөчү консультативдик-кеңешүүчү орган.
Кеңештин максаты аккредитациялык агенттиктердин ишин көз карандысыз жана объективдүү таанууну жүзөгө ашыруу болуп саналат.
Кеңештин милдеттери:
- уюмдардан түшкөн өтүнмөлөрдү кароо жана уюмдарды аккредитациялык агенттиктер катарында таануу/таануудан баш тартуу тууралуу объективдүү чечим кабыл алуу;
- аккредитациялык агенттиктердин ишине коюлган талаптардын аккредитациялык агенттиктер тарабынан сакталышын жүзөгө ашыруу.
Жүктөп алуу:
- Улуттук аккредитациялоо кеңеши жөнүндө жобо.docx
- Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартиби.docx
- Аккредитацияланган агенттиктерди таануунун тартиби.docx
- Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо боюнча минималдуу талаптар.docx
- 2017-2018-жылдары аккредитациядан өткөн мекемелердин реестри.xlsx
- Аккредитациядан өткөн жалпы ж-а орто билим берүүчү уюмдардын реестри.xlsx
- Аккредитациядан өткөн орто кесиптик билим берүү уюм-н реестри.xlsx
- 2018-жылы аккредитацияланган орто кесиптик билим берүү уюм-н жана башталгыч кесиптик билим берүү уюм-н реестри.zip
- Реестр_ВПО_26.06.2020.xlsx
- Реестр_ИНСТ. 26.06.2020.xlsx
- Реестр_НПО_26.06.2020.xlsx
- Реестр_СПО_26.06.2020.xlsx
- Реестр_Среднее общее_26.06.2020.xlsx
- https://cloud.mail.ru/stock/a8sUYT1Tm7zfDKokdif3LQzG
Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук аккредитациялык кеӊештин курамы
Улуттук аккредитациялык кеңештин тɵрагасы:
1. Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Төраганын орун басары:
Омуров Нурлан Кубатович – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары,
Улуттук аккредитациялык кеңештин мүчɵлɵрү:
2. Молдобекова Гүлкан Сакиновна – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты;
3. Строкова Евгения Григорьевна – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты;
4. Самигуллина Альфия Эльдаровна – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты;
5. Иманалиев Кайрат Олжобаевич – Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана спорт министри;
6. Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович – Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри;
7. ____________ – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук байкоочу кеӊешинин мүчөсү;
8. Чыныбыев Мирлан Койчубекович – И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору;
9. Маданбеков Нуржан Жоломанович – Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин илимий иштер боюнча проректору;
10. Боромбаева Эльвира Наматовна – “Кичи ГЭС ассоциациясы” Юридикалык жактардын бирикмесинин президенти;
11. Серкебаев Кубаныч Исакунович – “Баркад” ЖЧКсынын башкы директору;
12. Симонова Нелли Яковлевна – “Сенти” финансылык компаниясы” ЖЧКсынын президенти;
13. Мусаев Абдылда Инаятович – Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын төрагасы;
14. Кадыркулов Бедил Мешкенович – Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун борбордук комитетинин башкы укуктук инспектору;
15. Сосновская Тамара Александровна – Кыргыз Республикасынын Кесиптик-техникалык билим берүү кызматкерлеринин ассоциациясынын президенти.