Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана или министри Гүлмира Кудайбердиева билим берүү тармагынын кызматкерлерин Жаңы 2017-жыл менен куттуктайт

31.12.2016

Урматтуу мекендештер!

Ардактуу мугалимдер, окутуучулар жана билим берүү тармагынынын кызматкерлери!

Баардыгыңыздарды жаркырап келе жаткан 2017-Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Ар бир адам жаңы жылды жакшы тилек, жаңы үмүт менен тосуп алат. Өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, алдыга максаттарды белгилейт.

Өткөн 2016-жылыбыз жакшы жылдардан болду. Жергебизде тынчтык, ынтымак орноп, мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык мааракесин белгиледик. Тарых жана маданият жылында кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлдү. Кыргызстандын байыркы тарыхын, салт-санаасын дүйнөгө даңазалай алдык.

Билим берүү жана илим тармагында дагы бир катар иштер жасалганы менен, алдыда аткара турган милдеттер арбын. Билим берүүнүн сапатын жакшыртып, мамлекетибизди гүлдөтүп өнүктүрүүгө жөндөмдүү болгон билимдүү, көп тил билген адистерди даярдоо максатын көздөп турабыз.

Келе жаткан жылыбыз дагы буйруса жакшы жылдардан болот деген үмүт  ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашайт. Ар бирибиз  элибизде биримдик, жерибизде тынчтык жана бакубатчылык болсо дейбиз. Ар бир үйдө балдардын шаңдуу күлкүсү жаңырып, ынтымак жана береке болсо деп тилейбиз.

Биздин эгемендүү мамлекетибиз жаш - 25 жашта. Жаш өлкөбүздө балдар,  окуучулар, студенттер - жаштар басымдуулук кылат. Жаш мамлекет катары келечекке ишенимдүү караганга бизде толук негиздер бар.

Баардыгыңыздарга чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик жана бакыт-таалай каалайм. Жергебизде дайыма жакшылыктар, жакшы жаңылыктар көп болсун. Жаңы жылда бардык жакшы ой-тилегиңер ишке ашсын.

Жаңы жылыңыздар менен, ардактуу замандаштар!

 

 Кыргыз Республикасынын

билим берүү жана илим министри                                                 Гүлмира Кудайбердиева