Кыргызстанда кесиптик билим берүү тармагын реформалоо боюнча биринчи аймактык форум өтүүдө

Бишкекте “Кесиптик билим берүү тармагында иш менен камсыз кылуу жана ар тараптуу өнүктүрүү максатында реформа жүргузүү” аттуу биринчи аймактык форум өтүүдө.

КР Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте уюштурган иш чарада Борбордук Азия жана Кавказ, Швейцария, Австралия, Великобритания өлкөлөрүнүн билим берүү министрликтеринин өкүлдөрү жана эксперттери, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын эксперттери катышууда.

Форумдун алкагында талкууланып жаткан негизги маселе, - Улуттук квалификация системасын иштеп чыгуу.

Министр Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда кесиптик-техникалык билим берүүнүн ар кайсы баскычтарында 300 билим берүү мекемелери бар - башталгыч, орто жана жогорку билим берүү мекемелеринде 400 миңдей адам окуйт.

 

694 11:01 07-07-2017

               

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|

Пайдалуу шилтемелер