Санкт-Петербург - Кыргызстан өкмөттөр аралык комиссиянын тогузунчу жыйналышынын протоколуна кол коюу аземи болуп өттү

Санкт – Петербург – Кыргызстан  өкмөттөр аралык комиссиясынын тогузунчу жыйынынын алкагында соода-экономикалык жана илимий-техникалык, маданий кызматташуу боюнча Протоколго кол коюлду. Кыргызстан тарабынан протоколго Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койду, Санкт-Петербург тараптан тышкы байланыштар боюнча комитеттин төрагасы Евгений Григорьев кол койду.

Жыйында өзгөчө билим берүүнү башкарууда маалыматтык технологияларын киргизүүгө, электрондук окутууну пайдаланууга, билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, Кыргызстан жана Санкт-Петербург шаарынын жогорку окуу жайларынын кызатташтыгын түзүүгө көңүл бурулду.

Ошондой эле жакынкы келечекте Кыргызстандан эксперттер тобун электрондук окууну пайдалануу боюнча даярдоого жөнөтүүнү макулдашышты.

 

409 10:56 07-07-2017

               

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|

Пайдалуу шилтемелер