Билим берүү жана илим министрлиги өлкө боюнча 60 мектепте электрондук китепканаларды ачууда

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын «Билим берүү системасында реформаларды колдоо» долбооору менен кызматташуунун алкагында ар бир китепканага 20дан компьютер, 4төн ноутбук, 4төн проектор, сервер, байланыш жабдуулары, компьютердик столдор жана отургучтар коюлат.

Аталган мектептер мектептик билим берүү кластерлеринин борборлору жана мектептик электрондук китепканалардын иштөөсүнүн модели болууга чакырылат.

Билим берүүчү «өсүү чекиттери» Кыргызстан өкмөтүнүн чечими менен бекитилген Региондорду өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн.

Китепканаларга Министрлик тарабынан иштелип чыккан электрондук окуу материалдары орнотулат.

Андан тышкары, Билим берүү жана илим министрлиги Ачык билим берүүчү ресурстардын улуттук репозиторийинде китептердин электрондук версияларынын көлөмдөрүн өстүрүүдө. Азыркы учурда эркин жеткиликтүүлүккө 369 китеп, 566 диссертация жана 794 санариптелген китептер жайгаштырылган.

 

 

471 07:52 04-08-2017

               

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|

Пайдалуу шилтемелер