Ирандын жогорку окуу жайы төрт билим берүү грантына сынак жарыялайт

Аллама Табатаби атындагы Тегеран Университетинин алдындагы Экономикалык Кызматташтык уюмунун жогорку окуу жайы Кыргыз Республикасынын студенттерине төмөнкү багыттарда төрт (2- бакалавриат, 2- магистратура) билим берүү грантына сынак жарыялайт.

1.       Камсыздандырууну башкаруу – бакалавриат;

2.       Информатика жана Камсыздандырууну башкаруу – магистратура;

3.       Аймактык изилдөө (Борбор Азия жана Кавказ капталында) – магистратура.

Талапкерлер үчүн негизги талаптар:

1.       Экономикалык кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттин жарааны (Афганистан, Азербайжан, Казахстан, Кыргызстан, Пакистан, Таджикистан, Турция, Туркменистан, Узбекистан);

2.       Жашы: бакалавриатка тапшыргандар - 25 жашка чейин, магистратурага тапшыргандар 32 жашка чейин;

3.       Англис тилине которулган жана күбөлөндүрүүчү жай менен кубөлөндүрүлгөн;

4.       GPA – 100дөн 65 төмөнкү чек;

5.       Англис тилин жакшы билүү, анткени окуу англис тилинде өтөт;

6.       Жакшы ден соолугу.

Сынака катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырыш керек:

4.       Билим берүү жана илим министринин атына арыз;

5.       Резюме;

6.       Пасспортунун копиясы;

7.       Дипломдун копиясы;

8.       Англис тилин билгенин аныктаган сертификат;

9.       3х4 6 сүрөт;

10.   086 Медициналык маалым кат жана ВИЧ/СПИД жоктугун аныктаган маалым кат;

11.   Сунуштоо кат 2 шт.;

12.   Анкета;

13.   Кошумча сертификаттар

Документтер 2017-жылдын 20-августунун саат 17.00 чейин Билим берүү жана илим министрлигинде кабыл алынат.( №220 кабинет, “Эл аралык кызматташтык бөлүмү”), тел.: +996 (312) 62 15 19.

 

 

 

395 14:00 03-08-2017

               

Объявления

|< 1 >|

Пайдалуу шилтемелер