Улуттук илимдер академиясынын жаңы Уставынын долбоору иштелип чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан КР УИА жаңы            Уставынын долбоору коомдук талкууга коюлду.  Жаңы Устав 2017-жылдын 26-июнунда  №110 «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыгарылган. Долбоордо КР УИАнын Уставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө каралган.

Атап айтсак, илим тармагына караштуу бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жаатында КР УИА функциясы, максаттары жана милдеттери аныкталган. Кабыл алынган мыйзамга ылайык башкаруу органдары такталды, жетекчилерди дайындоо жана шайлоо механизмдери, КР УИАсынын жалпы жыйынын, президентинин жана президиумдун мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери аныкталды.

Долбоордо КР УИАнын бирдиктүү каржылоо принциптерин Билим берүү жана илим министрлигинин  алдындагы Улуттук фонду тарабынан  ишке ашыруу каралган. Көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр 2015-жылдын 16-апрелинде бекитилген  Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн  №221 «Кыргыз Республикасында илимди уюштуруу системасын реформалоо Концепциясы» ишке ашыруу жаатында киргизилүүдө.

Сунушталган Уставдын жаңы долбоору 2017-жылдын 14-июлунда КР УИАнын Жалпы жыйынында талкууланган жана жактырылган.

 

 

 

372 11:13 25-07-2017

               

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|

Пайдалуу шилтемелер