Биринчи Инклюзивдик Смена Ысык-Көл жээгинде 150 баланы кабыл алды

Кыргызстанда 2017-жылдын 28-июнунан 8-июлуна чейин Ысык-Көлдүн жээгинде “Жетиген” эл аралык лагеринде инклюзивдик смена ишин ийгиликтүү аяктады. Долбоорго Кыргызстандын баардык региондорунан келеген 8-жаштан 17-жашка чейинки 150 бала катышты. Алардын ичинде 30-мүмкүнчүлүгү чектелген, 30 – жетим балдар жана 20 – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары. Лагердин негизги максаты – өзгөчө балдар менен жөнөкөй балдардын ортосунда биргелешкен активдуу эс алуу жана балдар арасында мамиле түзүү. 

Балдар музыка, бий, журналистика, сүрөт тартуу жана йога студияларында билим алышты. Ошону менен бирге сюжеттик-ролдук жана интеллектуалдык оюндар, брейн-ринг жана квесттер, концерттерге катышууга жана чет өлкөлүк волонтер менен тил үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Иш-чаралар биргелешип бардык балдар үчүн бирдей  өткөрүлдү. “Жетигенде” 1 наасатчы 3 бала менен  иш алып барып жатты, баардык насаатчылар атайын окуулардан өтүштүү.

“Биз бир дагы бала четте калбаган билим берүү  системасына умтулуп жатабыз. Биз инклюзивдик билим берүүгө көмөк көрсөтүүгө даярбыз, баардык окуучулар жалпы билим берүүчү уюмдарга барганда жашкы кабыл алыныш керек. Негизгиси, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жөнөкөй балдар менен бир класстта же ийримдерде бирге окууга мүмкүнчүлүк түзүү жана колдоо негизги максаттардын бири. Бул аларга жашоонун бардык тармактарын активдүү катышып жана коомчулукка өз салымын кошууга мүмкүнчүлүк берет” – деп Европа Союзунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүктүн каржы жана контракттар бөлүмүнүн орун басары  Надин Старкс баяндады.

Маалымат кат: Инклюзивдик смена  “Европа Союзунун “Билим берүүдөө, куррикулумда жана финансалоодо  керектөөлөр боюнча чечим кабыл алуусуна  таасир этүү максатында билим берүүдөгү жетишкендиктердин баалоо денгээлин күчөтүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Долбоорду  «Я люблю Кыргызстан» Жаштар Кыймылы жана «Спот он Консалтинг» Консалтинг Компаниясы ишке ашырды. 

412 11:53 13-07-2017

               

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|

Пайдалуу шилтемелер