RSS
  

Наш опрос

Вы удовлетворены качеством полученных вами в ВУЗе знаний?

Да, уровень и актуальность полученных знаний меня полностью удовлетворяют - 13.6%
Скорее да, но самое главное чему меня научили в ВУЗе - это умение думать - 13.6%
Скорее нет, немалая часть преподаваемого материала на тот момент уже потеряла свою актуальность - 30.2%
Нет, единственным положительным итогом моего обучения стало получение диплома о высшем образовании - 35.2%
Я не обучался(ась) в ВУЗе - 7.5%

Проголосовали: 199
Голосование для этого опроса закончилось on: 26 Дек 2017 - 03:15

Долбоордун өнөктөштөрү

banner1
banner2
banner3
banner4

taza koom ru



Яндекс.Метрика

job

hot

stopcorr

prov doc

2176 мектеп директорлору менен райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү мектептик билим берүү ишмердүүлүгүн пландаштыруу боюнча окуудан өтүштү

2017-ж . 13-мартынан 1-декабрына чейин Еexperts of Central Asia (EСА, Кыргызстан) “Глобалдык өнүгүү” коомдук фонду (Армения) жана “Ысык-Көл сабаты” (Кыргызстан) коомдук бирикмеси менен биргеликте жалпы билимм берүүчү мектептердин директорлору жана КР ББжИМ системасынын кызматкерлери үчүн “Мектептик билим берүүнү башкаруу жана каржылоо” деген темада жалпы улуттук беш күндүк тренинг өткөрүштү. Бул тренинг “Билим берүү секторун реформалоону колдоо/ Мектеп директорлору үчүн тренингдер программасын өткөрүү” долбоорунун алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Бүткүл дүйнөлүк банк тобу) каржылык колдоосу астында өткөрүлдү.
Долбоордун техникалык тапшырмаларын аткаруу алкагында ЕСА Consultancy Консорциумунун лидеринин эксперттери мектеп директорлорун октуунун жалпы концепциясын жана окутуу планын, тренингдик модулдарды, жер-жерлерде билим берүүнү жалпы башкаруу процессинде алектенген билим берүүнүн областтык жана региондук институттары үчүн башкаруу, пландаштыруу жана каржылоо боюнча колдонмону иштеп чыгышты.
7 ай ичинде бүткүл Кыргызстан боюнча 85 тренинг өткөрүлдү, анда 2091 жалпы орто билим берүүчү мектептердин директорлору жана райБББнын 85 өкүлү катышты.
5 күндүк тренингдерди жана интерактивдүү топтук дискуссияларды өткөрүү мезгилинде мектеп директорлору практикалык мсиалдар жүзүндө төмөнкүдөй көндүмдөрдү өздөштүрүштү:
• Мектепти өнүктүрүү планын иштеп чыгуу жана мектепти жалпысынан башкаруу;
• Мектептеги каржылык менеджмент жана нормативдүү (жан башына) каржылоо;
• Мектептин отчеттуулук карталарын подотчеттуулуктун инструменти катары колдонуу;
• Мектепти башкаруу процессине ата-энелерди, жарандык коомду, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу;
• Камкорчулар кеңештеринин ишмердүүлүгүн уюштуруу;
• Бюджеттик угууларды уюштуруп өткөрүү ж.б.
Мектеп директорлору билим берүү секторундагы мамлекеттик каржыны башкаруу чөйрөсүндө иштеп жаткан нормативдүү-укуктук базаны, ошондой эле 1 окуучунубюджеттик каржылоо стандарттарын билип алышты, мектептердин каржылык тобокелчилигин жана алардын пайда болуу себептерин аныктоону жана башкарууну үйрөнүштү. Практикалык сабактардын жүрүшүндө директорлор бюджеттик сурам жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу тартиби боюнча кагаздарды КР нормативдүү-укуктук актыларына ылайык даярдап толтурушту.
Тренингдер окуу ишмердүүлүгүн уюштуруу формаларына карата бардык жалпы кабыл алынган талаптарды аткаруу менен, ар кандай заманбап технологияларды пайдалануу менен, ар бир катышуучунун эмоционалдык комфортун жана ийгилик кырдаалын жаратуу менен өткөрүлдү. Тренингдердин аягында (5-күнү) жыйынтыгы чыгарылды жана мектеп директорлоруна “Мектептик билим берүүнү башкаруу жана каржылоо” боюнча 4- саатытык окуу модулун ийгиликтүү аяктаганжыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.

Календарь событий

January 2017
Mo Tu We Th Fr Sa Su
26 27 28 29 30 31 1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31 1 2 3 4 5

olimp 2018

Образование в цифрах

Потребность в педагогических кадрах

Потребность в педагогических кадрах

Потребность в учителях