Азербайжан Дипломатиялык Академиясынын Университети 2019-2020-окуу жылына карата бакалавриат жана магистратура программалары боюнча документтерди кабыл алат

03.11.2018

Университетте окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. Сабактарды азербайжандык, ошондой эле чет элдик профессорлор  беришет. Азыркы күндө университетте азербайжан студенттери менен бирге дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн анын ичинде Кыргыз Республикасынан да студенттер окуп жатышат.

Мында чет өлкөлүк студенттер үчүн Алимердан бек Топчубашев атындагы стипендия каралган.

Стипендия алуу бюнча  документтерди кабыл алуу: 2018-жылдын 1-октябрынан тартып 2019-жылдын 5 апрелине чейин жургүзүлөт, ал эми стипендияга тапшырбаган студенттердин документтерин кабыл алуу  2019-жылдын 1- июлуна чейин жүргүзүлөт.

Толук маалыматты университеттин расмий сайтынан: http://www.ada.edu.az/en-US/Pages/home.aspx алсаңыздар болот.