Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү жакшыртылууда

16.11.2018

Билим берүү жана илим министрлиги ЮСАИД жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен ишке ашырылуучу инклюзивдик билим берүү концепциясын сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу үчүн Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу боюнча концепциясын иштеп чыкты. Бүгүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруунун Улуттук планын жана концепцияны ишке ашырууга арналган тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева тарабынан аталган документ презентацияланды. Концепцияны ишке ашырууга жардам катары, АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) инклюзивдик билим берүүнү жана окутууну жакшыртууну колдоо боюнча эки жылдык долбоорду баштайт.

“Концепцияда берилген негизги идея, инклюзивдик билим берүү – бул бардык балдардын, анын ичинде билим берүүдө атайын муктаждыктары бар балдардын жөнөкөй мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелерде тең туштары менен сапаттуу билим алууга жолдорун түзүүчү комплекстүү процесс болуп саналат” – деп белгиледи КР Билим берүү жана илим минстри Гульмира Кудайбердиева.

Эки жылдык долбоор Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй областарында ишке ашырылат. Билим алуу мүмкүндүгүн жакшыртуудан башка, программа мугалимдерге жана  билим берүү жаатындагы башка адистерге  балдардын окуусун жакшыртууга  жардамдашат.

ЮНИСЕФтин өкүлү Юкиэ Мокуо: “Ар бир бала сапаттуу билим алуу укугуна ээ. Бирок биз билебиз, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын басымдуу бөлүгү мектептен сырткары калышат жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө дагы иштөө керек. Биз, Кыргызстанда бардык балдардын окууга, өнүгүүгө жана шык-жөндөмдүүлүктөрүн өрчүтүүгө мүмкүнчүлүгү болгон күндү эртерээк келүүсү үчүн иштейбиз”, – деп белгиледи.

Өнөктөштүк сүйлөө жөндөмүн жана окуусун жакшыртууга, ошондой эле ЮСАИДтин билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана эрте окууну өнүктүрүү долбоорлорунда («Сапаттуу билим», «Чогуу окуйбуз»,  «Келгиле, окуйбуз!») жетишилген жыйынтыктарды пайдаланууга багытталган.

“АКШ Өкмөтү ЮСАИД аркылуу Кыргызстандын окуучуларында окуу көндүмдөрүн жакшыртуу жана бардык багыттар боюнча окутуу үчүн бекем пайдубал түзүү үчүн Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз кызматашат. Ар бир балага жарык келечек болуусу керек”, – деди ЮСАИДтин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Гэри Линден.

Бул долбоордун алкагында  10 мектепте жана 10 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды аныктоо жана ошол эле жамаатта окутуу процессине тартуу механизмдери сыналат, окуу жөндөмүн жакшыртууга көп тилдүү билим берүүнү киргизүү 20 мектепте ишке ашырылат. Долбоордун аягында ийгиликтүү инструменттер жана механизмдер бир нече бала бакчаларда жана мектептерде узартылышы мүмкүн.