Кыргызстанда ысык тамак берүү программасына тартылган мектептердин саны өсүүдө

21.11.2018

Бүгүнкү күнү КР Билим берүү жана илим министрлиги жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) тарабынан, Кыргыз Республикасынын 420 мектептерине пилоттук негизде киргизилген ысык тамак берүү долбооруна дагы 83 жалпы билим берүүчү мекемелери кошулду. Ошентип, 145 миңден ашуун башталгыч класстардын окуучулары эми күн сайын мектептерде, сапаттуу ысык тамак менен камсыздалышат. Бул Орусиянын мектепте тамактанууну оптималдаштыруу үчүн беш жылдык программасы боюнча,  мурда бөлгөн 10 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү каржылык колдоосу менен мүмкүн болду.

Бул каржылык ресурстар менен мектептер өндүрүштүк электр мештерин, көп секциялуу меш шкафтарын, электр мискейлерин, камыр иштетүү аппаратын, муздаткыч жабдуулар, суу жылыткычтар, көп секциялуу жуучу аппараттар, жер-жемиш тазалоочу жана кесүүчү жабдуулар, стелаждар жана бөлүштүрүүчү столдор – ысык тамак берүүнү уюштурууга тиешелүү бардык жабдууларды алышты.  

Мындан сырткары, БУУ ДАТП Орусиялык тармактык азыктануу институту менен мектептерде тамактандырууну уюштуруу маселелери боюнча түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүштү, ар бир мектеп үчүн технологиялык долбоорлоону иштеп чыгышты, мектеп ашпозчуларын окутууну уюштурушуп, мектептин мүмкүнчүлүгүн, артыкчылыктарын эске алуу менен тамактардын тизмектерин иштеп чыгышты.

Чүй облусунун Красная Речка айылындагы орто мектептеги алгачкы түштөнүүдө КР Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева, Орусия Федерациясынын элчилигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана КРдагы БУУ ДАТПтын өкүлдөрү болушту.

Министр бүтүндөй билим берүү системасын  өнүктүрүү үчүн бул программаны кеңейтүүнүн  маанилүүлүгүн белгиледи.

“Президенттин региондорду өнүктүрүү жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында министрлик ысык тамак берүү программасын кеңейтүүгө чоң көңүл бурууда. Өкмөттүн колдоосу менен жылына жарым миллиард сом мектептерде тамактандырууга багытталууда. Бүгүнкү күндө биз мектептерде милдетүү ысык тамак берүүнү мыйзамдык деңгээлде бекитүүнү даярдоодобуз, окуучулар үчүн эле эмес, мектепке чейинки мекемелердин тарбиялануучуларына да тиешелүү, балдарды тамактандыруунун улуттук программасынын долбоору иштелип чыкты”, - деп белгиледи Гульмира Кудайбердиева.

“Мектептеги түшкү ысык тамак – бул жөнөкөй маселе эмес, биринчи караганда ошондой көрүнөт. Мунун артында технологдордун жана ашпозчулардын чыңалган эмгеги, мектеп администрациясынын колдоосу, ата-энелердин, жергиликтүү бийликтин жана өнөктөштөрдүн катышуусу, донорлордун милдеттенмелери жана Өкмөт тарабынан керектүү жетекчилик турат. Мектепте тамактандыруу баланын жалпы өнүгүү процессине таасирин тийгизет, региондордун жана жалпы эле өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн келечегине негизги шарт болгон жагымдуу билим алуу атмосферасын түзөт”, – деди БУУ ДАТПнын  КРдагы директору Андреа Баньоли.  

Кыргыз Республикасында мектептик тамак берүүнү оптималдаштыруу боюнча программа 2013-жылдан бери Орусия Федерациясынын каржылык колдоосу менен ишке ашууда. Негизги максаты – өлкөдөгү 2200 мектепте мектептик тамактандыруунун сапатын жакшыртуу.

Бул демилгенин эффективдүүлүгү жана туруктуулугу Өкмөт жана жергиликтүү бийлик, коомчулуктун, анын ичинде ата-энелердин кеңири колдоосун алды, ошондой эле башка донорлордун жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн кызыкчылыгын жаратты. 

Атап айтканда, өлкөдөгү мектептерде тамактандыруунун өнүгүшүнө БУУнун Азык түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) өз салымын кошуп, 15 мектептик бакчаларга 2700 алма көчөттөрүн бөлүп беришти. Түшүмү мектепте тамактандыруунун керектөөлөрүнө жумшалмакчы.

“Донорлордун, мамлекеттик органдардын жана өнөктөштөрдүн бириккен күчү менен биз Кыргызстандагы мектептик тамактандыруунун туруктуу өнүгүшүн камсыздай алабыз”, – деп кошумчалады Андреа Баньоли.